Чыдаңыз, премьер-министр болосуз. Спикер министрди трибунадан кетирбей койду

Төрага мурдагы премьер-министрлер төрт-беш саат тик туруп суроолорго жооп беришкенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун трибунада тик турбай, отуруп жооп берүү өтүнүчүн четке какты.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков
Бүгүн жазгы-талаа иштери боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон аткаминерлер парламентте маалымат берип жатат. Анда Жаныбеков трибунага чыгып баяндама жасаган.
"Аскарбек Сапарбекович, сиз негизги баяндамачысыз. "Отурайын" деп кайра-кайра суранып жатасыз. Мурдагы премьер-министрлер төрт-беш саат турушчу. Сиз эртең кантип премьер-министр болосуз? Бул жерде эки саатка тура албай бутуңуз талып атса. Чыдаңыз, чыдаңыз, премьер болосуз", — деди спикер.
Андан соң министр "Акылбек Үсөнбековичтин командасында иштеп турабыз" деп өкмөт башчылыкка барбай турганын ишарат кылды.
Төрага өткөндө Акылбек Жапаров да ушул трибунада төрт саат турганын айтты.
Анан "ооба, маселе жок" деп жылмайды Жаныбеков.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин регламенти боюнча баяндама жасаган адам маселеси каралып бүткөнчө трибунада турушу керек.
Жумабеков: өкмөткө уят, пенсияны көбөйтө албай Конституциялык сотко даттаныптыр