Мектепке күчүк алып келген баланы урушкан мугалим жазаланды

Баштыкка салынган итти көргөн мугалим окуучуну элдин көзүнчө урушуп, директорго чейин алып барган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү класстын окуучусу мектепке күчүк алып келгени үчүн ызы-чуу салган мугалимди жазалады.
Окуя Кадамжайда болгон. Окуучу итти пакетке салып илгичке илип койгон. Курткалардын арасынан башын чыгарган итти көрүп калган мугалим чуу салып, окуучуну классташтарынын көзүнчө урушуп, директорго чейин жетелеп барган. Баланы жулкулдатып урушкан мугалимдин видеосу соцтармакка тарап, көпчүлүктү ызалантты.
Окуяга Билим берүү министрлиги дагы көңүл буруп, видео тарткан окутуучуга жана урушуп жаткан мугалимге катуу эскертүү, ал эми директор менен социалдык педагогго эскертүү берилди.
Психиатр баланы начар баа алганы үчүн жемелөөнүн терс жактарын айтты