Пресс-борбор

Бекешев: курулуш компаниялары имараттын сейсмотуруктуулугун текшертүүдөн коркот

Кеп имараттарды атайын жабдуунун жардамы менен текшерүү тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектеги курулуш компаниялары имараттардын сейсмотуруктуулугун текшертүүдөн чочулашат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек стол учурунда билдирди.
Мында кеп имараттын чатырына орнотулуп, катуу жер титирегендей абал жараткан эксперименталдык текшерүүлөр тууралуу болууда.
"Кечээ Мамкурулуштун жетекчиси менен сүйлөштүм. "Жабдууну жок дегенде бир жолу колдонуп көрдүңөрбү?" деп сурадым. Ал андай жабдуу өтө кымбат жана пайдаланууга укугу жок экенин белгилеп, курулуш компаниялары коркконунан текшерүүгө макул болбой турганын айтты. Эмнеге коркушат? Имарат урап түшсөчү, баарын башынан баштоого туура келет да. Бизде баары эле акчанын артынан түшүп алган да", — деди Бекешев.
Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын президенти Улугбек Бегалиев Кыргызстанда эгемендик алган мезгилден бери имараттар эксперименталдык текшерүүдөн өтпөгөнүн билдирди.
2018-2026-жылдары жер титирөө активдешери айтылган. Окумуштуулар эмнеден чочулоодо