17-февралга карата аба ырайы

17-февралда өлкөнүн көпчүлүк райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жума күнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас облусунда +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +4…+9, Ысык-Көл өрөөнүндө +3…+8, Нарын чөлкөмүндө -4…+1 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында +6…+8 градус болот.
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы