БИШКЕК, 15-фев. – Sputnik. Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму (ЖККУ) Шанхай кызматташтык уюмунун биргелешкен машыгууларына катышуу ыктымалдыгын четке какпайт. Бул тууралуу РИА Новости ЖККУнун Биргелешкен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоровго шилтеме кылып жазды.
"ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өткөргөн машыгууларга катышууну четке какпайбыз. Бирок ал ар бир мамлекет менен макулдашылып жасалышы керек", — деген ал агенттиктин суроолоруна жооп берип жатып.
Сидоров мындан сырткары Россия-Беларусь тобунун Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун машыгууларына катышуу ыктымалдыгы 2023-жылы талкууланарын да айткан.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы маалымдады.
Сидоров ЖККУга мүчө мамлекеттердин бул окууларга келерине ишенимин билдирген.
"Бирок ким, кайсы тарап катары катышарын азырынча так айта албайм", — деген Сидоров.
Бириккен штабдын жетекчиси андан сырткары уюмдун кеңейиши боюнча маалыматты жокко чыгарган жок.
"Уюмдун кеңейүү мүмкүнчүлүгү болгон, бар жана болуп да келет. Алгач өнөктөш, байкоочу болууну каалап келген достук мамиледеги өлкөлөрдүн кийинчерээк мүчөлүккө кирүү мүмкүнчүлүгү дайыма бар. Бул үчүн тиешелүү укуктук база иштейт, ... негизи баарын алдын ала айтпай турайын", — деген Сидоров.
ЖККУнун курамына учурда Россия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь, Армения жана Тажикстан мамлекеттери кирет.