Бишкекте 120 жаңы автобус келерки жумада линияга чыгышы мүмкүн

Мэрия буга чейин автобустар кайсы каттамдарга бөлүштүрүлөрүн кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кытайдан сатып алынган 120 автобус келерки жумада линияга чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкектин мэриясы билдирди.
Алардын бир бөлүгү жабылып калган № 113, 213, 214 микроавтобустук линиялардын ордуна чыгат. Мэрия буга чейин автобустар кайсы каттамдарга бөлүштүрүлөрүн кабарлаган. Жоюлуп кеткен маршруттардын айдоочуларына №244, 245 линиялар сунушталды. Микроавтобустардын линиялары № 31, 35, 48 автобустардын жолу менен жүрбөшү үчүн жоюлган.
Мэрия №101 каттамдын схемасын да бир аз өзгөрткөн.
Бишкек шаардык кеңештин 2004-жылдагы токтомуна ылайык, көп эл сала алган автобустарга артыкчылык берилет. Мындан тышкары, троллейбустар менен автобустар борбордук көчөлөр жана проспектилер менен жүрө алат.
Муниципалитеттен белгилешкендей, кошумча автобустар түшкөндө шаарды бошотуунун экинчи этабы башталат.
Россия менен Кытайдан келген атайын техниканы тапшыруу салтанаты өттү. Сүрөт