Баланы тиш доктурга алгач алып барган учур өтө маанилүү. Адис себебин айтты

Психотерапевт ата-энелерге наристени дарыгерге алып барганда психологиялык жараат алып калбашы үчүн этият болууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Баланы тиш доктурга алгач алып барган учур өтө маанилүү. Айрымдар үчүн бул нерсе анын бүтүндөй өмүрүнө бир топ таасир этет. Бул тууралуу психотерапевт Сергей Мартынов РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
"Адам акыл-эси токтолуп, чоңоюп калган кезде кайсы гана дарыгерге болбосун ооруну басаңдатып, андан арылуу үчүн барарын түшүнөт. Ал эми кичине кезде (6-7 жашка чейин) ооруканага баруу, өзгөчө стоматология борбору өтө кооптуу нерсе катары сезилет. Ооруп турган тиш дагы ооруйт. Оору бул куракта дароо эле өлүмгө алып келчүдөй элес калтырат. Ошентип, бул нерсе адамдын мээсинин бир жерине барып, бекем сакталып калат", — деди психотерапевт.
Мындан улам киши чоңойгондо деле стоматолог гана эмес, башка дагы ак халатчандардан коркуп калат. Аларга ишенбейт.
Андыктан адис ата-энелерге наристени дарыгерге алып барганда психологиялык жараат калып калбашы үчүн этият болууга чакырат.
Ата-эненин чектен ашкан камкордугу баланын өмүрүн кыскартабы? Изилдөө