Бишкекте Афганистанда курман болгон интернационалист жоокерлер эскерилди

Афган жергесиндеги согушка жети миңден ашуун жоокер катышса, алардын 300ү кайтпай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бүгүн борбор калаадагы "Ататүрк" паркында советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата эскерүү митинги өттү.
1 / 6

Бүгүн борбор калаадагы "Ататүрк" паркында советтик жоокерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына карата эскерүү митинги өттү

2 / 6

Иш-чарага коргонуу министри Бактыбек Бекболотов, "афганчы"-ардагерлер, Бишкектин биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, "Кант" аба базасынын өкүлдөрү жана башка жарандар катышты

3 / 6

Афган жергесиндеги согушка жети миңден ашуун жоокер катышса, алардын 300ү кайтпай калган

4 / 6

1989-жылы 15-февралда Афганистандан советтик жоокерлер чыгарылган

5 / 6

Көптөрдүн өмүрүн алган бул кагылыш расмий түрдө 1979-жыл 25-декабрь деп белгиленип келет

6 / 6

Себеби ошол датада советтик аскерлер Афганистандын аймагына киргизилген

Иш-чарага коргонуу министри Бактыбек Бекболотов, "афганчы"-ардагерлер, Бишкектин биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, "Кант" аба базасынын өкүлдөрү жана башка жарандар катышты.
1989-жылы 15-февралда Афганистандан советтик жоокерлер чыгарылган. Көптөрдүн өмүрүн алган бул кагылыш расмий түрдө 1979-жыл 25-декабрь деп белгиленип келет. Себеби ошол датада советтик аскерлер Афганистандын аймагына киргизилген. Он жылга чукул созулган согушта интернационалист жоокерлердин арасында жети миң кыргызстандык да болгон. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон. 1500 аскер жаракат алса, төрт жоокердин дайыны чыкпай калган.
Афгандык кыргыз менен сүйлөшөм деп камакка алынгам. Снайпер Абдылдаевдин маеги