Мамлекеттик кызматта иштегиңиз келеби? Сынамык тесттен өтүп көрүңүз

Тестте мыйзамдар, кызматтык документтер тууралуу 30 суроо камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кадрлар резервине кирүү үчүн конкурска катышкан учурда берилген суроолордун негизинде сынамык тест иштелип чыкты. Бул туурасында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери агенттиги билдирди.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын ички резервине кирүүгө ниеттенгендер жана жөн гана КР мыйзамдары тууралуу билимин сынап көрүүнү каалагандар онлайн-тесттен өтө алышат.
Анүчүн атайын бир жерге убакыт, каражат коротуп баруунун кажети жок. Жарандар агенттиктин E-кyzmat тестирлөө порталына кирип өз күчүн сынап көрсө болот. Анда мыйзамдар, кызматтык документтер тууралуу 30 суроо камтылган.
Сынамык тест боюнча суроолор болсо (0312) 66-04-56 66-03-80 телефон номери же tcks2010@mail.ru электрондук дареги аркылуу тестирлөө бөлүмүнө кайрылуу сунушталды.
Радио
Усеналиева: иштен алынган саясий кызматкер сотко кайрыла албайт