Доллардын курсу 88 сомдон ашты. 14-февралга карата маалымат

Амеркалык валютаны сатып алуу 27 тыйынга, ал эми сатуу 30 тыйынга кымбаттады.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында доллар менен евро кымбаттап, алтын куймалары арзандап, күйүүчү май куюучу станциялардын биринде бензиндин баасы төмөндөдү.
Долларды сатып алуу 27 тыйынга, ал эми сатуу 30 тыйынга кымбаттады. Евронун курсу дагы 45 тыйынга өскөн. Рубль бир тыйынга төмөндөгөн, казак теңгесинин наркы анча өзгөргөн эмес.
"Роснефть" күйүүчү май куюучу жайында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,6 сомго, АИ-95 2,2 сомго арзандаган.
Алтын куймаларынын баасы да бир аз түшкөн, мисалы, бир граммдык куйма кечээкиден 10 сомго арзан сатылууда.
Былтыр КРден 2021-жылга караганда 638 миллион долларга көбүрөөк акча которулду