Бишкекте 13-октябрь күнү КМШ мамлекеттеринин президенттери чогулат

Быйыл Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкекте 13-октябрь күнү КМШ мамлекеттеринин өлкө башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу брифинг учурунда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдирди.
Эске салсак, быйыл Кыргызстан КМШ органдарында төрагалык кылат.
Исаевдин айтымында, шериктештикте төрт уставдык орган бар. Алардын эң негизгиси — президенттердин кеңеши.
"Саммит 13-октябрда болот. КМШ мамлекеттеринин бардык башчылары Бишкекте чогулат. Биздин президент Садыр Жапаров кесиптештерин кабыл алат", — деди Исаев.
Министрдин орун басары белгилегендей, президент Кыргызстан КМШга кантип төрагалык кылганы боюнча маалымат берет.
Мындан тышкары, 12-октябрда тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт. Ал эми 26-октябрда өкмөт башчылар жолугат.
Сот Атамбаевге чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди. Сүрөт