Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Атамбаев ушул иш боюнча чыгарылган өкүмдүн негизинде камакта болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жогорку сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Атамбаевдин адвокаттары жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароого жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Натыйжада Жогорку сот канааттандырган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаевдин тарапташтары учурда аны Молдовановка айылындагы №27 абактын сыртында күтүп турушканын айтты.
"Жогорку соттун өкүмдү жокко чыгарган чечимин адвокаттары алып кирип кетти. Бир аздан кийин Алмазбек Шаршеновичтин чыгышын күтүп жатабыз. Азыр жүктөрүн алып чыгып машинага салып койдук", — деди Момбеков.
Белгилей кетсек, Жогорку сот буга чейин Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыраткан болчу. 2021-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылган. Анын адвокаты Замир Жоошев эгерде Жогорку сот кримтөбөлдү мыйзамсыз коё берди деген чечимин жокко чыгарса, Атамбаев коё берилиши мүмкүн экендигин айткан эле.
Бул күндөр да өтөт! Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берди