Радио

Кыргызстандыктар психологго үч маселе боюнча көп кайрылат. Тизме

Психолог Айдана Мадишова адам өзүнөн көптү талап кылганда стресс болушу мүмкүн экенин айтты.
Sputnik
Психологго адамдар негизинен үч маселе боюнча көп кайрылат. Бул тууралуу Айдана Мадишова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көйгөйдүн башында ата-эне менен баланын мамилеси турат.
"Бизге негизинен үч маселе боюнча кайрылышат. Алардын сап башына ата-эне менен баланын мамилеси жана түшүнбөстүктөрү чыккан. Экинчи орунда айымдар менен мырзалардын мамилеси турат. Үй-бүлө курарда бири-биринен көп нерсе күтүп алганы кийинки жашоосунда көйгөй туудурушу мүмкүн. Мисалы, кыздар күн сайын жолдошунан гүл алып турам деп кыялданышат. Ушул сыяктуу эле мырзалардын да жубайынан күтүүсү болот. Анан кыялдар жана күтүүлөр орундалбай калганда конфликт жаралат. Ал эми үчүнчү орунда адамдардын өзүнөн же жашоодон болгон күтүүсү турат. Кыз-келиндер реалдуулуктан алыс максат коюп алып, ишке ашпай калса стресс, депрессияга тушугат. Мисалы, бирөө белгилүү бир убакыт ичинде 20 китеп окууну өзүнөн талап кылышы мүмкүн. Бирок ар кандай себептерден улам ниети ашпай калганда капа болуу эмоциясы жаралат. Адам көп учурда өзүнө байланышкан күтүүлөрү орундалбай калганда көңүлү сынат", — деди психолог.
Ал ошондой эле башкалардан болгон күтүүлөр да реалдуулукка жакын болгону дурусураак экенин кошумчалады.