Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина ТИМи 24-февралда "ири окуялар" күтүлүп жатканын жар салды

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Киевдин ок атууну токтотуу боюнча демилгесиндеги шарттарды кабыл алуу мүмкүн эмес экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 24-февраль күнү эл аралык саясий айдыңда "ири окуялар" болорун жар салды. Билдирүү тууралуу РИА Новости жазды.
"23 же 24-февралда Нью-Йоркто "ири окуялар" болот. Маанилүү саясий белгилер берилип, санкция, курал-жарак боюнча чечимдер кабыл алынат, бардык деңгээлде биримдиктин символу даңазаланат", — деди аткаминер.
Буга чейин РИА Новости агенттигинин ишенимдүү булактары БУУнун Башкы ассамблеясында батыш мамлекеттери тарабынан сунушталган антироссиялык резолюциянын долбоору талкууга түшөрүн айтышкан. Долбоор боюнча добуш берүү 22-февралда ишин жанданта турган Башкы ассамблеянын атайын сессиясында болору күтүлүп жатат.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Киевдин ок атууну токтотуу боюнча демилгесиндеги шарттарды кабыл алуу мүмкүн эмес экенин билдирген. Анын айтымында, "Зеленскийдин тынчтык планы" — жөн гана шылдың. Дипломат мындай долбоорлор кандай гана аталышта болбосун, пропагандалык максатты гана көздөгөн курулай аракет экенин белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европаны аралаган "Киевдин элеси". Батыш Зеленскийдин шагын сындырган шекилдүү