Түркияда сапатсыз курулушка 134 киши айыпталып, чекесинен кармалууда. Видео

Зилзала болгон жерде мародёрлук кылган адамдар да кармалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Түркиянын Юстиция министрлиги жер титиреген аймактарда талапка жооп бербеген имараттарды курган деп 134 адамга айып такты. Бул тууралуу юстиция министри Бекир Боздаг брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, учурда мындай иштерге шектелген үч адам кармалган. Алардын ичинен подрядчылардын тобу Грузияга чыгып кетүүгө аракет кылган жеринен колго түшкөн.
Муну менен катар эле зилзала болгон жерде мародёрлуктун 75 фактысы катталган. 64 адамдын талап-тоноочулук кылганы аныкталып, азыркы тапта 57си кармалган.
Депутат: үйүңүз урап түшсө эч ким жоопкерчилик албайт, мыйзам ошондой