Январда Кыргызстандын ички дүң продукциясы былтыркыдан 5 пайызга жогорулады

Январда эңкөп өсүш кызмат көрсөтүү тармактарында байкалган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Быйыл алгачкы айларда эле Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 48 миллиард сомдон ашты. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ИДПнын көлөмү 2022-жылдын аянварь айына салыштырмалуу 4,8 пайызга өскөн.
ИДПнын түзүмүндөгү эңчоң үлүш (49,9 пайыз) кызмат көрсөтүү жана товарларды өндүрүүчү тармактарда (29,4 пайыз) байкалган. Алэми өнөр жайдын үлүшү 20,1 болсо, айыл чарбасы 7,3тү, курулуш чөйрөсү 2 пайызды түзгөн.
Автоунаа базарларынан мамлекетке канча акча түшөт? Статистика