Мындан ары коронавирустан коркпой эле койсо болобу? Эпидемиологдун жообу

Адис COVID акырындык менен КРВИнин тобуна кирет деген божомолун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. COVID-19 токтогон жок, ал биздин жашообузда көпкө чейин калат. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин инфекциялык, мите ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.
Анын кеңештерин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жарыялады.
Эпидемиолог “мындан ары коронавирустан коркпой эле койсо болобу?” деген суроого “ал деле башка курч респиратордук-вирустук инвекциялар (КРВИ) сыяктуу эле болуп калат” деп жооп берген.
“Сасык тумоо өзүн кандай болорун көрүп жатабыз, биздин жашообузда көптөн бери бар. Ал дагы мутацияга жөндөмдүү. Тумоологондо катуу кыйналган адамдар көп кездешет, өлүмгө дуушар болгондор да болот. Ошондуктан келечекте COVID-19 өзүн кандай көрсөтөрүн так айтуу кыйын. Эгерде адамдын иммунитети начар, өнөкөт оорулары бар болсо, кайсы инфекция болбосун аны оор өткөрөт”, — деди Оторбаева.
Ошондой эле ал өлкөдө коронавирус боюнча абал туруктуу, жума сайын аздан гана учурлар катталып жатканын белгилеген. COVID да акырындык менен КРВИнин тобуна кирет деген божомолун айткан.
Аны менен катар дарыгер вакцина алуу оорунун өрчүп кетишинен, өлүмгө алып келүүчү кесепетинен коргой турганын эскертти. Андыктан жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Өлкөдө мээ эхинококкозу көбөйүп кетти. Ооруга кабылгандар эмнеден кыйналат?