Боксчу Эркин Адылбек уулу Венгриядагы эл аралык турнирде алтын алды

Кыргызстандык дагы бир спортчу күмүш байгеге татыган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Боксчу Эркин Адылбек уулу Венгрияда өткөн абройлуу эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.
Спортчу Дебрецен шаарында өткөн Bocskai Memorial турнирине 86 килограммга чейинки салмак категориясында ат салышкан. Финалда кыргызстандык боксчу Бельгиядан барган атаандашын жеңил алды.
Дагы бир спортчу Асылбек Аманкул уулу (48 кг) финалда казакстандык боксчуга утулуп, күмүш байгеге татыды.
Бишкекте спорттун төрт түрү боюнча чемпионат өтөт