Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Буга чейин биринчи сапта түркиялык балбан турган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 77 килограмм салмак категориясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты.
Буга чейин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде түркиялык Юнус Эмре Басар лидер болчу.
Ушуну менен грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар эки салмак категориясы боюнча мыкты аталышты. Махмудовдон тышкары, лидерликти Жоламан Шаршенбеков бербей келет. Ал 60 килограммга чейинки салмакта кармашат.
Бишкекте спорттун төрт түрү боюнча чемпионат өтөт