Дарыгер: ракты биологиялык активдүү кошулмалар да өрчүтүп жиберет

Онкологдун айтымында, биологиялык активдүү кошулмаларды көзөмөлсүз жана башаламан ичүү кооптуу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ракты биологиялык активдүү кошулмалар дагы өрчүтүп жибериши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын башкы онкологу Андрей Каприн РИА Новостиге айтып берди.
Дарыгердин айтымында, мындай кошулмаларды көзөмөлсүз жана башаламан ичүү кооптуу.
Мындан сырткары, рактын өрчүп кетишине ашыкча салмак, чылым чегүү, алкоголь, малдын эти таасир этет.
Онколог залалдуу шишиктерди баштапкы этаптарында дарылоо жеңил экенин айтып, ошондуктан маал-маалы менен дарыгерге барып турууну эскертти.
Буга чейин Улуттук онкология борборунун радиогинекология жана брахитерапия бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова менен маектешкенбиз. Ал ракты папиллома вирусу козгой турганын айтып берген.
Рактын так аныкталышы — дарттан арылуунун башаты. Кыргызстандагы жаңы ыкмалар