Sputnik Кыргызстан агенттигинде профессор Мырзабек (Муса) Матеевдин эжеси Кызылгүл Асанкулова, досу, кесиптеши, КРдин эмгек сиңирген дарыгери Арстанбек Иманалиев, шакирти Султан Тукешов болду. Биз профессор, микрохирург, медицина илимдеринин доктору Мырзабек Матеевди эскердик.
Матеев эмгек жолун республикалык ооруканада микрохирург болуп баштаган
© Фото / из семейного архива Матеевых
— Балалыгы кайда кандай өткөн?
Кызылгүл Асанкулова: — Балалыгы Бишкекте өткөн. Ал кезде бир эле кыргыз мектеп бар болчу. Ошондуктан орус бала бакчага барып, орус мектепти бүттү. Бир кыз, төрт эркек болуп беш бир тууган эле. Атасы тоо-кен комбинатында иштесе, апасы үй кожойкеси болчу. Беш баланы багууга киши керек эмеспи. Үйдө медиктер деле жок болчу, медицинага өзүнүн тырышчаактыгы менен келди. Кичинесинен эле өжөр бала болчу. “Мединститутка тапшырам” деп атып өтүп кетти. Аны бүткөндөн кийин Москвага барып ординатурада окуду. Эмгек жолун республикалык ооруканада микрохирург болуп баштаган. Көптөгөн медициналык мекемелерде иштеди. Чет мамлекеттерде тажырыйба алмашып, атайын чакыруулар менен лекцияларды окуп жүрдү.
Асанкулова: Мырзабек шайыр, куудул, айткан сөзүнө турган, так жүргөн киши болчу
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
— Мүнөзү кандай эле?
К.А.: — Шайыр, куудул, айткан сөзүнө турган, так жүргөн киши болчу. Айтылган убакыттан бир мүнөт кечиксең жаман көрчү. Тууган-туушкандын арасында кадыр-барктуу, үйүндө сүйүктүү жар, мээримдүү ата эле. Неберелерин өзгөчө жакшы көрүп, аябай ойнотчу.
— Арстанбек агай, досуңуз менен кантип таанышып калгансыз?
Арстанбек Иманалиев: — Биз аны Муса деп чакырчубуз. 1976-жылы мединститутка келип тапшырдык. Студент кезибизден достошуп, 6-курстан кийин ар бирибиз өзүбүз тандаган кесип боюнча кеттик. Ал микрохирургияга, мен травматолог-ортопед жагына бардым. Медицинада микрохирургия менен травматология бири-бирине абдан жакын. Мен көбүнчө сынык сөөктөрдү кадоо жаатында иштесем, ал нервдерди, кан тамырларды улаштырды.
Иманалиев: билимге абдан жакын болду. Биринчи кандидаттык диссертациясын жактады, андан кийин жасаган операциялары боюнча докторлук диссертациясын Москвадан жактап келди.
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
— Медицинага кандай жаңылык киргизе алды?
А.И.: — Мырзабек экөөбүз 1982-жылы жаңыдан иштеп баштаганда Улуттук госпиталдын профессорлору аны дароо эле Москвага ординатурага жөнөттү. Ал жактан окууну бүтүп келгенден кийин Кыргызстанда биринчи жолу микрохирургия деген бөлүм ачылып, Муса жетектеп калды. Микрохирургияга кандай жараат менен кайрылышпасын жардам көрсөтүлүп, бул тармак өнүктү. Билимге абдан жакын болду. Өзүнүн биринчи кандидаттык диссертациясын жактады, андан кийин жасаган операциялары боюнча докторлук диссертациясын Москвадан жактап келди. Эмгекчилдиги менен айырмаланган, айтканынан кайтпаган жигит болчу. Оорулуу адамды саат 8ге десе, ошол убакта кабыл алчу, бирок 5 мүнөт кечигип келсе “эртең кел” деп койчу. Кызматыбызга жараша дайыма тыгыз байланышта болдук. Кесиптештерин ынтымакка чакырып турчу.
— Шакирти катары эмнелерди айта аласыз?
Султан Тукешов: — Агайдын Кыргызстандын медицинасына кошкон салымы өтө чоң. Микрохирургия жаатында дүйнөнүн булуң-бурчуна таанылган атактуу хирург эле. 2018-жылы Японияда дүйнөлүк деңгээлдеги микрохирургдардын конгресси болгон. Ошондо агайыбызды “модератор болуңуз” деп чакырышкан. Америка, Европа өлкөлөрү баштаган 15 мамлекеттин адистери келген конгрессти башкарып келген. Мындайда модераторлукка татыктуу иши бар, сыйлуу адамды гана чакырышат. Муса агайыбыз медицина илиминде бир топ эмгеги менен кесиптештерин таң калтырган. Андан тышкары, илимдин жети кандидатын чыгарган. Көптөгөн кандидаттык диссертацияларды да даярдап жаткан, ошолорго жетишпей калды. 30 миңдей оор реконструкциялык операцияларды жасап Кыргызстандын медицинасына эмгеги сиңген.
— Жашоодо эмнеге шыктуу эле?
А.И.: — Өнөрлөрү көп эле. Бийге да, ырга да шыктуу болчу. Туруп-туруп күлдүрүп, кайра ыйлатып койчу.
— Медицинада жаңылыктар көп эле болот. Ушул жаатта эмнелерди сунуштап, кайсы жагын айтчу эле?
А.И.: — Травматологияда күйүп калганда же болбосо буту-колу сынганда көп дефектилер пайда болот. Кээде этинин баары ылжырап ачылып калат. Ошондой учурда мындай жаракаттарды жабуу чоң методика. Муса ушул багытта ойлоп тапкан ыкмаларын турмушка ашырып, көп макалаларды жазды.
— Досу, кесиптеши катары көп сырдашчу белеңиздер? Көбүнчө кандай темада?
А.И.: — Көбүнчө жумуш, үй-бүлөдөгү турмуш боюнча баарлашып калчубуз. Экөөбүз тең дарыгер болгондуктан жаракаттар жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Ар бир бейтапка байланыштуу айрым олуттуу маселелер болсо кандай жардам берүү керектигин талкуулачыбыз.
С.Т.: — Москвада бирге окуган курсташ досу менен жолугуп калып эскерип отурдук. Жаш кезинде Муса Аспекович абдан шамдагай экен, жеңил атлетика боюнча спорттун чебери да болуптур.
Натрошвили деген хирург тогуз жаштагы баланын чалгы кыйып кеткен эки бутун СССРде алгачкылардан болуп тиккен адам. Ал ассистент катары көптөгөн ординаторлордун ичинен биздин агайды тандап алган экен. Ренат Акчурин аттуу Борис Ельциндин жүрөгүнө операция жасаган белгилүү хирург дайыма Муса Аспековичти ассистент кылганын билебиз. Ассистентти да мыкты ординаторлордон тандап алат да. Агайдын ар бир кылган операциясы уникалдуу болчу. Абдан оор жарааттар менен келишчү. Эсимде, Баткенден денесинин баары тырык болгон, күйүктөн улам оозу жабылбай, мойну, буттары да тартылып тырышып калган бала келди. Ошол балага 2-3 жылдап операция жасап отуруп толугу менен бастырды. Ал бейтап өзү тамак ичкенге жарап, мойну да калыбына келип, сүйлөп калган. Адегенде аны көргөндө биз чочуп кетчүбүз. Анткени тырыктар түрүн бузган. Ошол абалдан жакшынакай келбеттүү кылып, кадимки адамдардын катарына кошкон.
Бир келиндин да жол кырсыгынан кийин бутунун сөөктөрү быркырап кетиптир. Согончогуна чейин тери жок, кыпкызыл эти ачык көрүнчү. Бул учурда 99 пайыз буту кесилет. Ал келин “эгер бутум кесилсе, операциядан чыгып туруп өзүмө-өзүм кол салам. Бир буту жок жашоонун мага кереги жок. Колуңардан келсе бутумду сактап калгыла” деди. Муса Аспекович ойлонуп, Арстанбек Бекбосунович экөө абдан оор операция жасашкан. Үч операция болду. Арстанбек Бекбосунович бутуна Илизаров аппаратын коюп берди. Андан кийин улам бир жеринен тери алып жамап отуруп жараатын айыктырды. Үчүнчүсүндө бир бутунан кан тамырлары менен кошо сөөк алып туруп экинчи бутка салган. Кан тамырдан кан келип тургандыктан ал сөөк биринчи сыныктай эле бүтүп кетти. Алты айдан кийин келгенде аялды рентгенге тартсак эки бутунун сөөгү бирдей болуп калыптыр. Бир жылдан кийин ал басып кеткен. Эки дарыгерге абдан ыраазы экенин билдирген.
А.И.: — Ал аял да “бир бутум кесилип калса жашоом кандай болуп калат” деп күнү-түнү уктабай ойлонгон. Аны көрүп Муса экөөбүз кеңештик. Биринчи операциябыз жети саатка созулду. Менин милдетим сынган сөөктөрдү кадап берүү болсо, Муса Аспекович үзүлгөн кан тамырларды, нервдерди улады. Эти, териси эзилип калганына байланыштуу бутту эч нерсе менен жаппай ачык койчубуз. Нервдерди кайра жамап чыгуу — бул уникалдуу операция да. Буту бир жыл эки айда толук айыгып берди. Кийин келип ыйлап, ыраазычылыгын билдирип “бул дүйнөдө да, аркы дүйнөдө да мен силерге ыраазымын” деген сөзү эсимде калды. Биз бейтаптардын ыраазычылыгынан энергия алабыз.
— Өкүнүчтүүсү, пандемия жакшы адамдарды арабыздан алып кетти. Анын ичинде Муса Аспекович да бар. Акыркы күндөрү кандай болду?
К.А.: — Биз дайыма атамдыкына куран окутуп чогулабыз. Ошондо оору башталып калган. Муса бизге “эмнеге паника болуп жатасыңар? Коркпогула, бул ооруну жеңебиз” деп катуу айтты. Биз деле ишендик, бирок кудай таалам арабыздан аны алып койду. Ооруканадан коронавирус жуктуруп алды окшойт. Доктурда жатып эле үйүнө барбай кете бербедиби.
А.И.: — Коронавирус пандемиясы негизинен абдан жаман эле болду да. 2020-жылдын июл айында мен да катуу ооруп, жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жаткам. Акыбалым оор эле. Мусага үч күн катары менен чалсам такыр албай койду. Андан кийин курсташтарымдан Мусанын өтүп кеткенин уктум. Албетте, жаман болдук, бир чети “кантип эле” деп ишене албадык. Ар кимибиз өз ооруканабызда иштеп жүрүп эле канча сактансак да жуктуруп алдык.
К.Т.: — Агай өзүн абдан караган адам болчу. Ал кишинин көзү өтүп кетет деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Башында өзү да ооруга моюн берген жок. Ишенбеди. Бирок кийин акыбалы кыйындап калганда күмөнсүнүп калганын сездик. Ошол учурда бир кесиптешибиз каза тапкан. Ал кабарды укканда Муса Аспекович негедир өзүн таштап коюптур. Өңү да өзгөрүп, сүйлөгүсү келбей башкача болуп калды. Улам жаман кабар уга берип иммунитети да түшүп кеткен окшойт. Өзү да түш көргөн экен. Балдарына “жандандыруу бөлүмүндө жатып өтүп кетет экенмин” дептир. Ошондон улам жандандыруу бөлүмүнө баргысы келбей жатып кеч барып калды. Бир аз жакшы болуп калганына сүйүнүп жатсак кете берди. Суук кабарды укканда бут алдымдан аалам көчүп кеткендей болгон. Агай каза болгондон кийин бөлүмдүн канча жүгүн жонуна көтөрүп келе жатканын сездик. Азыр шакирттери ынтымактуу биригип, агайыбыздын ишин улантып жатабыз. Өзү ачкан кафедраны медакадемияда иштетип, 60тай ординатор окуп жатат. 15ке жакын ординатор бүттү. Убагында ассоциация түзгөн эле. Былтыр Ысык-Көлдө дүйнөлүк конгресс өткөрүп 15 өлкөдөн 64 лектор-хирург катышты. Илимий иштерин да улантып жатабыз. Өзү ачкан клиникасына шакирттерин даярдап, жабылып калбасын деп аракет кылган, учурда жакшы иштеп жатат.
К.А.: Артында бир уул, бир кызы, үч небереси калды. Мындай жоготууну эч кимдин башына каалабайм.