Радио

Момбеков: эмгек мигранттары ыңгайлуу шартта ипотека ала алат

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Элдик турак жай” компаниясынын төрагасы Уланбек Момбеков "Ак-Босого" турак жай-сактык кредиттик компаниясы" Элдик турак жай компаниясы" болуп өзгөргөнүн айтты.
Sputnik
"Элдик турак жай” компаниясы аркылуу мигранттарды турак жайменен камсыз кылуу механизмин түзүп, аны 2023-жылы баштоо пландалууда. Бул тууралуу Уланбек Момбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар үч жылдан кем эмес убакытта акча топтоп, сегиз пайыздык чен менен ипотекалык насыя алса болот.

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак-Босого" турак жай-сактык кредиттик туунду компаниясы "Элдик турак жай компаниясы" болуп өзгөрдү. Ал эми "Ак-Босогонун" кардарлары мурдагыдай шарт менен каражат топтоону улантышат. Учурда мигранттарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча атайын механизм түзүлүп ишке ашканы жатат. Жарандар турак жай сатып алууга керектүү сумманын 50 пайызын 3 жылдан кем эмес убакытта топтоп, үй сатып алса болот. Каражаттын тең жарымын 6-8 пайыздык чен менен узак мөөнөткө бөлүп төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет", — деди Момбеков.

Адис ошондой эле жарандар топтогон каражаттар Депозиттерди коргоо боюнча агенттик тарабынан корголо тургандыгын кошумчалады.