Кыргызстанда машина айдаганды үйрөткөн мектепти тандоодо эмнеге көңүл буруу керек

Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы автомектепти тандоодо эмнеге көңүл буруу керектигин айтып берди.
Маалыматка ылайык, автомектептерде транспорт каражаттарын башкарууну үйрөткөнгө уруксат берген лицензиясы болушу керек. Ошондой эле ал жактагы тиешелүү каражаттарга көңүл буруу керек, мисалы, ар бир класста компьютер, жол белгилери көрсөтүлгөн плакаттар, автотренажер, ар кандай жол кесилиштеринин схемалары жана жол чырактар болушу керек.
Окутуучулар менен инструкторлор айдоочулукка тапшыргандарды сапаттуу жана натыйжалуу окутуу үчүн өздөрү зарыл тажрыйбага ээ болууга тийиш.
Окуу эрежесине ылайык, курсанттардын автоунаа менен биринчи сапарлары автодромдо (үйрөнчүктөр үчүн атайын аймак) жүргүзүлүшү керек.
Пресс-борбор
Маршрутка айдагандардын айдоо деңгээли жакшырдыбы? ИИМдин жообу