Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон Украинага азырынча истребителдердин кереги жок экенин айтты

Шаршемби күнү Украина лидери Британия парламентинин алдында сүйлөп жатып Лондондон учак сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Франция президенти Эммануэль Макрон Киевге качандыр бир кезде истребителдер жөнөтүлүшү мүмкүн экенин, бирок азыркы тапта Украинанын приоритети башка экенин билдирди. Бул тууралуу BFMTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бул бүгүнкү күндүн муктаждыгына туура келбейт (Украина Куралдуу күчтөрүнүн — ред.)", — деген Макрон.
Франция лидери "ар кандай болуп кетиши ыктымал" экенин кайталап, бирок ошол эле учурда жакынкы апталарда Украинага истребитель берүүгө эч мүмкүн эмес экенин белгиледи. Макрондун айтымында, Париж Киевге башка багыттарда жардам берүүгө дилгир, мисалы, Caesar гаубицаларын жөнөтүүгө даяр.
Эскерте кетсек, январдын соңунда Украина президенти Владимир Зеленский батыш өлкөлөрүнүн танк берүү убадасынан кийин учак жана ракеталарды сураган.
Макрон буга чейин мындай техника жөнөтүлүшү мүмкүн экенин билдирген. Америка администрациясынын айрым өкүлдөрү да Украина армиясына F-16 истребителдерин берүүгө кызыкдар. Анткен менен Байден буга каршы.
Шаршемби күнү Украина лидери Британия парламентинин алдында сүйлөп жатып Лондондон учак сураган. Даунинг-стриттеги өкүлгө таянып Sky News телеканалы Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак коргоо министри Бен Уоллеске өлкө Киевге кандай техника бере аларын тактоону тапшырганын жазды.
Москва былтыр жазында эле НАТО өлкөлөрүнүн Украинага курал-жарак жеткирүү ниетине байланыштуу нота жөнөткөн. ТИМ башчысы Сергей Лавров аскердик техника жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын абалын эми аскердик көмөктүн көлөмү да өзгөртө албайт. Сереп