Түркиядагы жер титирөөдөн мертингендер 17 764кө жетип, 72 миңи жаракат алды

Азыркы тапта издөө иштерин 29 миң куткаруучу аткарууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда катталган катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 17 764кө жетип, жаракат алган адамдар 72 миңден ашты. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай Кахраманмараш провинциясындагы брифингде билдиргенин жазды.
Анын айтымында, акыркы бир сутканын аралыгында уранды алдында калган 121 адамды тирүү алып чыгышкан. Азыркы тапта издөө иштери менен 29 миң куткаруучу алектенип жатат.
Ал эми Сириядагы кырдаал тууралуу акыркы маалымат чыга элек. Соңку ирет кечээ, 9-февралда, 3 миңден ашуун киши каза таап, 2 миңден көп адам жаракат алганы айтылган.
Эскерте кетсек, 6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Андан кийин да улам кайталанып жатты. Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду. Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Жабыркаган ондогон провинцияга үч айга өзгөчө абал режими киргизилди. Жер титирөөнүн эпкини Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларына тийип, кыйроолор катталган.
Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана медициналык буюмдарды жөнөтөт