Түркиядагы элчи Казакбаев: кыргызстандык келин көз жумду деген кабар тактала элек

Зилзаланын кесепетинен боордош өлкөдө набыт болгондордун саны 17 764кө жетип, жаракат алган адамдар 72 миңден ашты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жер титирөө катталган аймактарда кыргызстандыктардын каза болгону такталган жок. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Бүгүн эртең менен айрым ЖМКлар Стамбулдагы консулдукка таянуу менен Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү табылганын жазган болчу. Элчи бул маалымат так эместигин айтты.
"Күнүгө бирөөлөр жоголуп, кайра табылып жатат. Ал келин боюнча издөө-куткаруу иштери дагы жүрүүдө. Маалымат тактала элек. Расмий маалымат болгондо айтабыз. Жеринде дипломаттар иштеп жатат. Хатайда көп жеринде издөө-куткаруу жумуштары уланууда", — деди Казакбаев.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза тапкандардын саны 17 764кө жетип, жаракат алган адамдар 72 миңден ашты. Ал эми Сирияда 3 миңден ашуун киши каза таап, 2 миңден көп адам жаракат алганы айтылган.
Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана медициналык буюмдарды жөнөтөт