Wi-Fi роутер үйдүн кайсы жерине коюлганы оң? Адистен кеңеш

Эксперт жабдыкты өтө ылдыйга же бийикке жайгаштырганда интернет начар тарай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Wi-Fi роутер интернетти жакшы таратышы үчүн аны өтө бийик койбош керек. Ошол эле учурда полго койгон да туура эмес. Бул тууралуу Sputnik радиосуна телекоммуникациялар боюнча эксперт Вячеслав Бурхайло айтып берди.
"Роутер интернетти жакшы таратышы үчүн аны батирдин борбордук бөлүгүнө койгон жакшы. Коридорго, бөлмөлөрдүн ортосундагы аралыктарга илсе да үйдүн бардык бурчуна интернет жетет", — деген Бурхайло.
Бир жарым метр бийиктикке жайгаштыруу оптималдуу деп саналат. Эксперт жабдыкты өтө ылдыйга же бийикке жайгаштырганда интернеттин тароосуна тоскоолдуктар жараларын белгилеген.
Интернет аркылуу акчаңызды шыпырып кеткендерден абайлаңыз. ИИМден кеңеш