Жолдошумдун атын өчүрбөйм. Мыкты милиционер аталган Самара Кыдырованын маеги

Самара Кыдырова өткөн жылдын жыйынтыгы менен мыкты кызматкер аталды. Ага ИИМ башчысы Улан Ниязбеков тасма тагып, вымпел жана министрликтин энчилүү саатын тапшырды.
Sputnik
36 жаштагы Кыдырова Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө балдар менен иштөө боюнча инспектор, милициянын капитаны. Жашы жете электер менен иштеген алты жылда жүрөк түпкүрүнө жеткен окуяларга туш болгон.
Мындан 10 жыл мурун Самаранын жолдошу, милиция кызматкери иш учурунда автокырсыкка кабылып каза болгон. Ал кезде өзү үй кожойкеси болуп, уулун тарбиялап отурчу. Оор сыноого сынбай, жолдошунун жолун жолдоп, атын өчүрбөй, ата мекенге кызмат кылууга умтулган.
По теме:
Баланын сөөгүн ата-энесине чыгарып берген абдан оор. Суучулдун видеомаеги