Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда конгрессмендер Байденден Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылды

Документте Украинага "максатсыз" жардам берүү менен жай тургундардын кырылышына көмөкчү болуп жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. АКШда конгрессмендер тобу Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылган резолюцияны президент Жозеф Байдендин администрациясынын кароосуна киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Украинадан тажагандык жөнүндө резолюция" деп аталган документке конгресстин 11 мүчөсү кол койгон, алардын арасында республикачыл Мэтта Гетца дагы бар.
Резолюциянын долбоорунда бийликке Украинага аскердик жана каржылык колдоо көрсөтүүнү токтотуу тууралуу талаптар камтылган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын башынан бери берилип жаткан жардамдарды тизмектеп берген. Аны менен катар Пентагондун кызматкерлери АКШнын өзүнүн аскердик потенциалы алсырап баратканын айтканы белгиленген.
Мындан сырткары, документте Кошмо Штаттар Украинага "максатсыз" жардам берүү менен жай тургундардын кырылышына көмөкчү болуп жатканы айтылган.
"Эгер биз салык төлөөчүлөрдөн түшкөн акчаны чет өлкөлөрдөгү жаңжалдарга корото берсек, Американын үстөмдүк кылуу дарамети солгундап, кырдаал оорлошо берет. Биз Украинага жардам берүүнүн бардык түрүн токтотушубуз керек", — деп айткан Гетц.
Белгилей кетсек, узаган жумада Вашингтон Киевге аскердик жардам катары 2,2 миллиард доллар бөлөрүн жарыялаган. Анда абадан коргонуучу каражаттар, HIMARS үчүн алыска атууга ылайыкталган ракеталар жана ыраакка атылчу GLSDB снаряддары камтылган.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган болчу. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан терс жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ менен НАТО Украинадагы согушка түздөн-түз катышып жатат деп айтып, алар Киевге курал-жарак жеткирүү менен чектелбестен Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө кадрларды да даярдап жатканын кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Майнап чыкпайт. АКШнын Киевге ыраакка атылчу бомба берүү чечимине Россиянын жообу