Түркияда зилзаладан көз жумгандардын саны 16 миңден ашты

Жер титирөөдөн жабыркаган провинцияларга өзгөчө абал режими киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Түркияда улам кайталанган жер титирөөнүн кесепетинен көз жумгандардын саны 16 546га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин 12 миңдей адам каза таап, 66 миңден ашуун адам жаракат алганы айтылган.
6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду.
Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган. Жабыркаган ондогон провинцияга үч айга өзгөчө абал режими киргизилген.
Түркиядагы зилзаланын эпкини Сирияга да тийди. Соңку маалыматтар боюнча, 3 миңден ашуун киши каза таап, 2 миңден көп адам жаракат алды.
Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана медициналык буюмдарды жөнөтөт