Кыргызстан, Россия жана Түркиянын куткаруучулары иштеп жаткан видео

Түркиянын Диярбакыр шаарындагы жер титирөөнүн кесепеттери
Саат 15:00гө карата түркиялык 22 жарандын сөөгү табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык, россиялык жана түркиялык куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы Он эки шубат районунда издөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Аларга ыктыярчылар жардам берип жатат. 9-февраль саат 15:00гө карата түркиялык 22 жарандын сөөгү табылды.
ӨКМден маалымдагандай, каза болгондордун туугандары менен кыргызстандык психологдор иштеп жатат. Министрлик Түркияга жалпы жонунан 15 мамлекеттен куткаруучулар барганын белгиледи.
6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Өлкө президенти Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 873 адам каза таап, 63 миң киши жаракат алды.
Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты
Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты. Видео