Садыр Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты. Видео

Президент кыргыз элинин жүрөгүндө түрк элинин, Түркиянын орду чоң экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-февралда, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу түрк элине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров көңүл айтуу китебине Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан боордош түрк элине көңүл айтып, табияттын татаал кырсыгына кабылып, башына каран түн түшүп турган боордош Түркия элинин кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.
"Бүгүнкү күндө жер силкинүүдөн сандаган имараттар кыйрап, анын курмандыгына айланган миңдеген түрк боордоштору үчүн жамы кыргыз журтунун жүрөгү сыздап турат. Сиздердин кайгыңыздар – биздин да кайгыбыз! Биздин жүрөгүбүздө түрк элинин, Түркиянын орду чоң. Кыргыз эли, ата-бабаларыбыздан салт болуп келаткандай, тарыхы менен тамыры бир түрк эли үчүн, башыңыздарга кандай күн түшпөсүн, жөлөк-таяк, арка-бел болууга ар дайым даяр. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жер титирөөдөн жараат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилеймин!" — деп жазган Жапаров.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Соңку маалыматтарда 12 391 адам каза таап, 62 914 киши жаракат алганы айтылды.
Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт