БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Узаган жылы Ош шаарынын бюджети 2,5 миллиард сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 900 миллион сомго көбөйдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шаарда 2022-жылы 287 жаңы ишкана ачылып, 1 872 жумуш орун түзүлгөн.
Өнөр жай ишканалары 6,7 миллиард сомдук продукция чыгарса, айыл чарба багытында өндүрүлгөн товарлардын баасы 1,3 миллиард сомду түзгөн. Ал эми шаардын ишкердик жүргүзүүчү субъектилери тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 90,3 миллиард сомду түзгөн. Бул мурдагы жылга караганда 4,9 пайызга көп.
Ал эми жумушсуз катары расмий катталган Оштун тургундарынын саны 5 551ге жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 611 адамга кыскарган.