Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жана медициналык буюмдарды жөнөтөт

Кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстан Түркияга 100 боз үй жөнөтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатыры жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жеткирилет. Ал эми экинчи учак менен атайын механизмдери менен 100 куткаруучу, эки үйрөтүлгөн ит жөнөтүлөт.
Ушул эле учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.
6-февраль күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болгон. Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 12 873 адам каза таап, 63 миң киши жаракат алды.
Кыргызстан, Россия жана Түркиянын куткаруучулары иштеп жаткан видео