Кыргызстандагы банктар өткөн жылы 5 эсе көп киреше тапты

Банктар бирикмеси чет элдик валютага болгон суроо-талаптын дароо өсүшү республикадагы коммерциялык банктарда валюталык операциялардын жүрүшүн күчөткөнүн эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы коммерциялык банктар 2022-жылдын жыйынтыгы менен 23,7 миллиард сом таза киреше көрдү. Бул рекорддук көрсөткүч экенин Кыргызстандын банктар бирикмеси билдирди.
Соңку кездерде коммерциялык банктардын тапкан кирешеси боюнча ар кандай комментарийлер айтылып келери белгиленди.
Бирикме чет элдик валютага болгон суроо-талаптын дароо өсүшү республикадагы коммерциялык банктарда валюталык операциялардын жүрүшүн күчөткөнүн эске салды.
"Буга байланыштуу, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, коммерциялык банктар рекорддук көрсөткүчкө жеткен 23,7 миллиард сом пайда көрдү. Бул мурдагы көрсөткүчтөрдөн 5 эсе көп. Киреше ачык жана Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде табылды", — деп айтылат маалыматта.
Коммерциялык банктардын кирешесинин 5 эсе өсүшү төмөнкү багыттарга таасир эткен:
өлкө бюджетине түшкөн салык төлөмдөрүнүн көлөмүнө;
банк секторунда акча массасынын көбөйүшүнө байланыштуу 2021-жылга салыштырмалуу кредит берүүнүн көлөмү 1,3 эсеге өскөн.
Улуттук банктын адиси акчаны кантип үнөмдөө керектигин айтып берди