Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов болду. Биз мамлекеттин идеологиясы, салт-санаа, улуттук нарк-насил тууралуу сүйлөштүк.
— Дүйнөдө геосаясий абал абдан курч. Ошондой жагдайда батыш менен чыгыштын тирешинен улам цивилизация экиге бөлүнүп калгандыгын айтышууда. Биз батыштын демократиясын кабыл алганбыз. Ошол эле учурда өз каада-салт, нарк-насилибиз бар...
— Садыр Жапаров өзүнүн инаугурациялык сөзүндө Манас атабызды, эпосубузду, улуттук салтты, наркты, адатты, дастандарыбызды даңазалап, ошол күндөн бери 3000 жылдан ашык тарыхы бар кыргыз журту кандай эс-тутум жолдомо менен келгендигин, кыргыздын дүйнө таанымы кандай болгонун айтты. Эмне үчүн жок болуп кеткен жокпуз? Бизди эмнелер бириктирип келди? Идеологияга чейин эле канча элдер жок болуп кетти деген суроолор туулат. Биз журт жаратуучу элбиз. Бүгүнкү күндөгү бардык көрүнүштөр, мамлекеттик түзүмдөр "Манас" эпосунда айтылган. Букардан качып келген Семетейди тосуп алып экөө жолукканда хан Бакай кыргыз мамлекетинин түзүлүшүн айтып берет. Манаста кыргыздар кандай жерди жерлеп, кантип көчүп-конушканы, сууларын кандай сактаганы, эгинди кайдан алышканы, малды кандай жайганы тууралуу да кенен айтылган. Ошол эле учурда жаратылышка, жан-жаныбарларга болгон мамилени, экологияны мамлекеттик саясат катары кантип сактоону баяндап жатат. Батыштын демократиясы бизге жалгыз жол көрсөтүүчү философиялык ой-тутумбу? Алар азыр өздөрү изденип жатат. Европанын көп мамлекеттери акыркы 15 жылда улуттун иденттүүлүгүн сактоонун үстүндө. "Наркыбызды сактайлы" деп 1940-жылга чейинки буюмдарын музейге киргизип алды. Анын баарын тарыхка айлантып, көрсө биз дүйнөнү акыркы моделдеги телефон, технология менен таң калтыра албайт экенбиз деп жатышат. Ар бир улут өз маданияты менен айырмаланат. Улуу Британия салтын сыйлап эли төлөгөн салыктын негизинде падышалык үй-бүлөнү багып келет. Алар аны менен сыймыктанат. Конституциясы да жок. "Биз каада-салт, ырым-жырымдар менен жашайбыз" деп мактануу менен жар салууда. Ал эми бизге эмне үчүн башкалардын салты, жүрүм-туруму таңууланышы керек? Ага эч качан жол бербейли. Дүйнөдө аз эле өлкөлөр улуттук иденттүүлүгүн сактап, кээ бир атрибуттарын жоготпой келе жатат. Арабдарга "залга улуттук баш кийимиңди чечип кир" десеңиз, эмне дээр экен. Көп өлкөлөрдө имараттын ичине баш кийимсиз кирүү регламенти бар. Ошондой эле биз да түрк дүйнөсүнүн ичинен каякта болсо да калпагыбызды чечпей жүрөбүз. Муну улантып, улуттук атрибуттун айныгыс бир бөлүгүнө айлантуу керек. "Манас" эпосунан мурдагы держава, коммунисттик режимдер "мындай эпосту жараткан элди башкаруу кыйын" деп коркушкан. Ошол себептен эпоско тыюу салуулар болгон. Кыргыз баласы сөзгө сынат, сөзгө жыгат жана аттан түшүп, керек болсо ооздон чыккан сөз үчүн өлүп да берген. Өз тилиңди даңазалап, башка тилдерди сиңирип туруп анан тилибизди байытышыбыз керек. Кыргыз мамлекетинде тилге болгон зарылдыкты түзүү зарыл. Интернет айдыңында, массалык маалымат каражаттарына тилди даңазалаган контенттер керек. Ошол себептен президент эки жыл ичинде тогуз жарлык кабыл алды. "Манас" эпосунун үчилтиги жана наркты даңазалап жайылтуу боюнча программасы атайын жарлык менен бекитилди. Азыр илимий мекемелерде, мектептерде, мамлекеттик органдарда нарк боюнча угуулар, практикалык конференциялар өткөрүлүп жатат.
Сүйүнбек Касмамбетов: Имам Сарахси "исламда ар бир эл өзүнүн улуттук кийими, маданияты, нарк-насили, салты менен исламды кеңейтип, бардык тараптан байытышат. Муну ислам да, шарият да тастыктайт" деп жазган. Исламда селде чалынып, кара чүмбөт паранжы кий деген түшүнүк жок
— Мамлекетте президенттен баштап айыл өкмөткө чейин улуттук ченемди колдонуп жатабыз. Ал эми салттык ченемде президенттин жарлыктары гана чыкты жана сиздин кызмат калыбына келтирилди. Бирок мындан башка кандай иштер жасалып жатат деген суроо жаралат?
— Нарк, салт, тарыхый маданиятыбызды тараткан уюмдардын бардыгы менен тыгыз байланыштамын. Диний кызматкерлер менен да жолугуп, алардын семинарларына катышып, кеңири ой-пикиримди айтып жүрөм. Мисалы, түрктөр Имам Сарахси деген ыймандын конституциясын, 15 жыл ордо жатып алып окуучуларына 30 томдук китепти оозеки айтып жаздырган адамды төбөсүнө бийик көтөрүшөт. Өткөн жылы Ош университетинде өткөн конференцияга Түркиянын диний-илимий аалымдары келди. Имам Сарахси "исламда ар бир эл өзүнүн улуттук кийими, маданияты, нарк-насили, салты менен исламды кеңейтип, бардык тараптан байытышат. Муну ислам да, шарият да тастыктайт" деп жазган. Исламда селде чалынып, кара чүмбөт паранжы кий деген түшүнүк жок. Окумуштуу, ислам конституциясын дүйнөгө тараткан Сарахси ушинтип жазып жатат. Азыр анын китептери дүйнөдөгү ислам институттарында окутулат. Динибиз да улуттук иденттүүлүктү жоготпоого чакырат. Ошол эле Манас атадан бери кыргыздар куран окуп, молдолорубуз кудайдан жакшылык сурап бата берип келет. Салттуу ислам бизде болгон, болушу керек жана мындан ары да уланат. Динибиз да, каада-салтыбыз да бири-бирин толуктап турат. Карама-каршылык жок. Кыргыз элибиз илгертен аялзатын урматтап, кыз балага, келинге аяр мамиле жасаган. Боз үйдө келин жүрсө жөнөкөй киши эмес, хандар менен бектер да ичкери кире алган эмес. Келин сыртка чыкканда гана өргөөнүн ээси үйүнө кирген. Хан баштаган улуу көч баратса алдынан ак элечек байбичелер, кош бойлуу келиндер баштаган кичүү көч келе жатса хан башы менен колун көтөрүп жол берген. Кымыз берип, тамактандырып, ат чаап көчтү коштоткон. Мунун баары биздин ата-бабадан келе жаткан салт. "Эл укса эмне дейт?" деген сөз менен эле бир коктунун эли жаманын жашырып, жакшысын ашырып тыпыйып калышкан. Кыргыз салтында эң эле катуу жаза элден чыгарып салуу болгон.
— Ошол эле ысырапкерлик боюнча президенттин жарлыгы чыкканы менен аткаминерлердин өзүнө бир топ сындар айтылып жатат...
— Бул жерде той-топурга тыюу салынган жок. Жакшылыкка эл даярданат. Ал эми жамандык айттырбай келет. Сөөктү кармабай ыкчам узатуу керек. Бирок атаандашып насыя ала коюп сөөктү узатуу майрамга айланып кеткен. Президент жарлыгында "сен мал сойбо" деген жок. Ысырапкерликке, атаандаштыкка жол бербегиле, жалган салттарды таңуулабагыла деген. Айрымдар "эки үйүр жылкым туруп, өлгөндө бир бодо сойдура албай каламбы" деп намыстанышууда. Күтүрөгөн малың болсо өлүмгө даярдабай эле элдин, бала-бакыраңдын жакшылыгына жарат. Куранда да жетилик, кыркылык деген түшүнүк жок экен.
— Кыргыз коомунда динчилдер, улутчулдар, батышчылдар, арапкул, орусчулдар деп бөлүнүп калдык. Мунун баарын бириктире турган улуттук наркты камтыган идеология керек. Казакстан "Маңгилик эл — муратым" деген идеологияны алып чыгышты. Бизди бириктирген багыт, идея кайсы болот?
— Бизди бириктирген нарк болот. Нарк жөнүндө жарлыктар, программалар иштей баштады. Кайсы жерде болбосун "арыбаңыздар, салам алейкум, жакшы турасыздарбы" деп учурашып жатабыз. Көптөгөн китептер жарыяланып, илимий изилдөөлөр чыгып жатат. Окуучулардын тилинде "Манас" эпосунун китептерин, мультфильмдерди чыгарып жатышат. Айрым кыргыздын душмандары Манасты жомок дешет. "Манас" эпосу улуттук идеологияны кулагыбызга кыттай куюп, мамлекеттүүлүктүн уюткусу, уңгусу болуп жатпайбы. Бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселелерди кантип жомок дейсиң. Интернеттеги кыргыздардын пикири менен эле 4-5ке бөлүнүп калдык деп ойлогон жарабайт. Анткени элдин баары эле батышты же арапты жактап урушуп жаткан жок. Элибиздин саны аз болсо да наркыбызды сактап, ошондон ушуга жеттик. Ак кар, көк музда калганда да аттын ичин жарып, ичеги-кардын алып, балдарын аттын ичине сала коюп өздөрү ар кай жерде топурайып өлүп калган кыргызбыз. Балдары күн жылыганда аттын ичинен чыгып, жакага түшүп кетишкен. Түрк дүйнөсү бизди өлөрүн билбеген өжөр журт деп айтат. Бизди "көчтүн үстүндө төрөлүп, көч үстүндө өлгөн, артынан бычак сайсаң, алдынан кучак жайып тоскон айкөл" дешет. Ошентип касташканын ичине сиңирип алышкан. Андан улам душмандарыбыз бизди бири-бирибизге мактап, кастап, ичинен иритип жок кылуу акылын табышкан.
Адептүү айымдардан арстан жүрөк баатырлар төрөлөт. Энелерибиз элди бириктирген. Кыргыздын наркында үйлөнөм деген жигитке "жакшы кыз издебе, чыныгы эркек изде, анткени арстан кайтарган бактын башына маймыл чыкпагандай эле чыныгы эркектин үйүндө жакшы кыздар тарбияланат" дешкен. Ушунун баарын кантип жок кылабыз. Наркыбызды балдарга жеткире алсак, анда биздин жеңишибиз болот.
Сүйүнбек Касмамбетов: салттуу ислам бизде болгон, болушу керек жана мындан ары да уланат. Динибиз да, каада-салтыбыз да бири-бирин толуктап турат. Карама-каршылык жок
— Бала тарбиялоо жаатында балдар адабиятын, интернеттеги балдар контентин кантип толтуруу керектигине токтолсок?
— Кыргыз салтында жети жашка чейин балага падышага мамиле жасагандай айтканын кылып, чогуу ойноп, бала менен бала болуп кара, 7 жаштан 14 жашка чейин эртеден кечке окутуп, жумшап кулга жасагандай мамиле кыл, жанын тындырба, ал эми 14 жаштан кийин досуңдай мамиле кыл деген. Кыргыздын салтында кайната келининин чекесинен өпкөн эмес. Кайната-келин бир үйдө калса азап болгон, байкуш кайната капшытты карап "керегем сага айтам, келиним сен ук" деп байбичеси же башка айымдар аркылуу гана кебин айттырган. Ошондой эле баш кийиминен, кийген кийиминен, чачынан эле кыздын башы бошпу, кудалашкан жери барбы же бойго жете элекпи, билип коюшкан. Анан сырттан келген кишинин камчысынан эле оюн билишкен. Камчыны бүктөп кармаса жаман кабары бар, камчыны манжага илип кирсе кайра аттанып кетем дегени, жатар конок камчысын бүктөп, өтүгүнүн кончуна сайып коюп кирет. Балдарды да ошентип тарбиялашкан. Конок тосмой, аттандырмай, аттан түшүрмөй, мал карамай — ошонун баарын атадан көрүп тарбияланып өнүккөн. Мурда мектеп жок эле да. Бирок азыр мектептерде ошонун баарын нарк, салт кылып айтышыбыз керек. Заманга жараша балдар да өзгөрдү, китеп окуган бала жоголду. Китеп окуган бала башкача ойлонот. Ыкчам коммуникациялар, контенттерди улуттук нукта пайдаланып кам көрүшүбүз керек. Эркин, класстык сааттарда баатырлар, нарктуулук тууралуу көп айталы. Кечээки Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиевдин баатырдыгы айтыла берип каныбызга сиңген. Бүгүн Баткенди коргогон балдарыбыз өздөрүнүн жанын аябай курман болуп жатат. Жаандай жааган окто жатып "кыргыз элим биз барбыз, кам санабагыла" деген билдирүүлөрдү жиберишти. Улуттук нарк-насил такыр эле жоголуп, колубуздан чыгып кеткен жок. Ушундай мыкты берүүлөрдү уюштурган улан-кыздарыбыз бар.
— Ааламдашуу дооруна туруштук берип, өз жүзүбүздү сактап калууну айтып жатасыз. Сиз жасап келген нерселер эртең башка катчы келсе калып кетеби? Дегеним, бул багытта стратегиялык пландар, программалар барбы?
— Жок, калбайт. Бүгүн биз "Кыргыз жараны" деген концепцияны кабыл алдык. Мектептерге, илимий мекемелерге, массалык маалымат каражаттардын баарына кайра-кайра таркатып жатабыз. Мына ошол программада кайда барып, аны кандай ишке ашырарыбыздын баары так жазылган. Нарк, "Манас" эпосунун үчилтиги боюнча жарлыкта маданий, тарыхый багыттарга бөлүп, баарын жазып чыктык. Мен кетсем деле жасала берет. Тилекке каршы, каржылоо бир аз азыраак. Баарын камтууга күчүбүз жетпейт, бирок аракет кылып жатабыз. Өткөн жылы 129 айыл өкмөттү кыдырдык, ар бир облуста нарк кербенин агытып, жайылтуудабыз. Журналисттер да келечек үчүн бул багытта өз иштерин аткара бериши керек.