Бензиндин ар бир литринен салык алып, анын эсебинен жолдорду оңдоо каралууда

Жолдорду карап, оңдоп-түзөп туруш үчүн жылына 10 миллиард сом керек. Ал эми иш жүзүндө 2 миллиард же трассанын бир чакырымына 100 сомдон бөлүнөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстанда май куюучу бекетте сатылган бензиндин ар бир литринен салык алуу каралууда, ал акча жалпы жолдорду кароого жумшаларын айтышты.
Транспорт министрлиги мындай идеяны былтыр көтөрүп чыккан. Эми бул мыйзам долбоорун министрлер кабинети парламенттин кароосуна жөнөттү.
Бул жерде "ким көп жүрсө, ошол көбүрөөк төлөйт" деген принцип сунушталууда. Айдоочулардын чөнтөгүнөн канча акча кетери азырынча белгисиз, анын көлөмүн министрлер кабинети аныктап бермекчи.
Мындан сырткары, утилдештирүү төлөмүн (дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү, колдонулган майлар менен жарабай калган автоунаалардын компоненттерин жок кылуу) киргизүү каралууда.
Документтин негиздемесинде Кыргызстанда 1,4 миллион автоунаа бар экендиги (алардын ичинен 1,1 миллиону жеңил машина) айтылган.
Акчаны Жол фондуна которуу сунушталып жатат. Жолдорду карап, оңдоп-түзөп туруш үчүн жылына 10 миллиард сом керек. Ал эми иш жүзүндө 2 миллиард же трассанын бир чакырымына 100 сомдон бөлүнөт.
Соода-сатык менен алектенген ишкерлер үч айда 1,2 млрд. сом салык төлөдү