Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден Украинанын айынан Кытай лидерин опузалаганын ачыктады

Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп келет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Россиянын Украинадагы аракеттерин колдой турган болсо Кытай батыш инвестициясынан кол жууй турганын айтып, Си Цзиньпинди опузалаган. Бул тууралуу ал PBS телеканалына маек куруп жатып айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Мен ага жайында чалып, "Россиянын абалын көрүп жатасыз да, 600 америкалык корпорация чыгып кетти, сиз АКШ жана Европа менен алаканы сактоонун негизги себеби алардан Кытайга инвестиция тартуу экенин айтып келесиз, эгер Москванын кылтагына илинсеңиз Пекинге ким инвестиция салат" деп айткам", — деди Байден.
Ал Кытай Россияны колдоого албаганын кошучалады.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп келет. Өлкө президенти Владимир Путин анын башкы максаты "сегиз жылдан бери киев режиминин кыйноосуна, кыргынына кабылган элди коргоо" экенин белгилеген. Анын айтымында, операция Донбасстын бошотулушу жана Россиянын коопсуздугун кепилдеген шарттарды түзүү менен аякташы керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Артемовскидеги "химиясы". Жазасыз калбасы анык