Радио

Кыргызстанда 25 калктуу конушка мобилдик байланыш жете элек

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын мониторинг жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Асел Иманалиева өлкөнүн 98 пайызы байланыш менен камсыздалганын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда жалпысынан 2 220 калктуу конуш бар. Алардын 2195и, тагыраак айтканда, 98 пайызына мобилдик үн байланышы жеткирилген. 2153ү интернет же болбосо 4G менен камсыздалган. Бул тууралуу Асел Иманалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 25 калктуу конушка байланыш жете элек.
"Кыргызстан тоолуу өлкө экенине карабай 98 пайызы мобилдик байланыш менен камсыздалган. 2022-жылдын жыйынтыгы менен дагы 13 эл жашаган аймакка байланыш жетип, 31инде 4G же болбосо интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Азыркы учурда республика боюнча жалпысынан 25 калктуу конушта байланыш жок. Анткени алардын 18ине электр энергиясы жете элек, жолдору начар, инфраструктура жок", — деди Иманалиева.
Ал байланыш жеткирүү графиги элдин, депутаттардын жана бийликтин кайрылуусунун негизинде түзүлөрүн кошумчалады.