"Ыйман нуру" аталышынын эч бир динге тиешеси жок. Нуржигит Кадырбековдун маеги

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын ант берип иштей баштаганына бир жыл болду. Ушул аралыкта кандай иштер жасалганы шайлоочуларды да кызыктырат. Фракция лидерлери жасаган иштерин айтып, пландары менен бөлүшөт.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигине мейманга "Ыйман нуру" фракциясынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков келген. Биз аталган фракциянын жыл ичинде жасаган иштери тууралуу сүйлөштүк.
— Алгач "Ыйман нуру" фракциясынын багыты тууралуу сурагым келип жатат. Анткени сиздер шайлоого аттанганда динге үгүттөгөн партия келе жатканын айтышты эле...
— Андай пикирдегилер бир жыл ичинде көз карашын алмаштырды деген ойдомун. Партиянын аталышын угуп алып эле көптөрү муну диний партия катары түшүнүшүптүр. Кыргызда бала төрөлгөндө эле ыймандуу болсун дейт. Ыйман деген бул тазалык, ыйбаа, түз жүрүү, руханий тарбия, тазалыкты камтыган сөз. "Ыймандуу бийлик — берекелүү жашоо" дегенди орусча "верующая власть" деп которуп коюптур. Бул уят нерсе да. Мурда билимдүү адамдар келсе — Кыргызстан өнүгөт деп ойлочубуз. Жөнөкөй адам бирөөнүн кашыгын же бир буюмун уурдайт. Ал эми билимдүү адамдар схемаларды түзүп коюп миллиарддарды жеп алат экен. Ошол себептен биз улуттук нарк-насил, илим-билим, адабият багытында иштейбиз дегенбиз. Кыргызстанда христиан, православ, буддизм өңдүү диндерди тутунгандар бар. Алардын баарынын ишенимин сыйлоо керек.
— Фракциянын позициясы кандай?
— Теориялык түрдө оңчулдар, солчулдар, оппозиция, хоппозиция деп бөлүп калдык. Хоппозиция — бул бийликти мактап, жаман жагы болсо да көрмөксөн болот. Оппозиция такыр жакшы жагын айтпай, сындап эле тура берет. "Биз конструктивдүү түрдө агын ак, көгүн көк" дейбиз деп сөз бергем. Калыс позициядабыз.
— VII чакырылыш мурдагы мүмкүнчүлүктөрдөн ажырап бир аз өзгөчөлөнүп келди. Жогорку Кеңештин бир жылдык ишин кандай баалайсыз?
— Мектепте деле ар кандай окуучулар болот. Бири окугусу келбейт, бири окуса деле түшүнбөйт, экинчилери жакшы окуйт. Парламент деле ошол сыяктуу экен. Кемеге түшкөндүн жаны бир, бөлгүм келбейт. Баарыбыз элдин алдында бирдей жооп беребиз. Добушуна жараша жакшы, перспективдүү, элдин колдоосуна ылайык депутаттар да келди. Ошол себептен жердешчиликке, тууганга, акчага карабай туура талапкерге добуш берүү керек. Бирок элибизге чоң рахмат, акча бербесек да бизди колдоп беришти. Аябай өсүшүбүз керек. Жашым көбүнөн улуу болгону менен абдан тажрыйбалуу жаш депутаттар көп экен. Идеология, ой-пикир менен бириккен фракциялар аз эле. Ал эми партия — мандатка жетүүнүн эле инструменти болуп калыптыр. Ошол себептен чачкын ой жүгүртүү болуп калат.
— Буга чейин маданият министри болуп иштеп келгенсиз. Эми мыйзам чыгаруу органында отурасыз. Аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу органынын алакасын же болбосо өлкөнү өнүктүрүүдөгү салымы менен мамилесин кандай баалайсыз?
— Ортодо кызматташуу, диалог болсун, бирок соодалашууга жол бербөө керек. Саясатка келгенде партиядагылар кызмат сурап келет экен. Керек болсо, министр болуп турганда да ушунча штатыбыз бар туруп, туугандарымды жакындаткан эмесмин. Негизи өкмөт менен парламенттин ортосунда соодалашуу жүрүп кетпесе экен дейм.
Азыр мен депутаттарга министрликтин өкүлдөрүн саат-сааты менен кароону сунуштап жатам. Министр, министрдин орун басары кезимде, маселен, 10-15чи болуп карала турган болсо деле таң атпай келип парламентте кезерип кечке отурасың. Жумушта канча иштер, кол коюлуучу документтер калат. Кечинде "жетишпей калдык, силерди эртең карайбыз" деп коёт. Бул кыянатчылык да. Ушундай да күндөр болгон. Азыр "президенттик өлкө болдук, тоготпой койсок деле болот" деп эйфорияда жүргөн өкмөттүн өкүлдөрү да бар. Бирок эл өкүлү болгондон кийин баары бир тоготтурабыз.
Нуржигит Кадырбеков: Хоппозиция — бул бийликти мактап, жаман жагы болсо да көрмөксөн болот. Оппозиция такыр жакшы жагын айтпай, сындап эле тура берет. "Биз конструктивдүү түрдө агын ак, көгүн көк" дейбиз деп сөз бергем. Калыс позициядабыз
— Ошентсе да өкмөттүн алдында депутаттардын тили кыскарып калганы байкалууда. Бул Жогорку Кеңештин ишине, мыйзам чыгарууга кедергисин же пайдасын тийгизип жатабы?
— "Ыймандуу бийлик — берекелүү жашоо" деген позиция менен карасак ишке иштей, тууганчылыкка туугандай мамиле кыласың. Жоопкерчилик болсо эле парламенттик система жакшы. Бирок колдоо болсо эле "моминтип кой, болбосо сени минтип коём" деген коркутуу жарабайт. Ошол эле президенттик системада дагы тоготпой койгон туура эмес. Башкача айтканда, жоопкерчилик жана сый-урмат болушу керек. Иш-чараларда да өкмөт мүчөлөрү өз ордуларын билишпейт.
— Жалпысынан президенттик башкарууга оюңуз кандай?
— Акаев, Бакиевдин убагында деле көргөнбүз, көрүп жатабыз. Анда деле ошол маселелер болгон. Философиядан форманын мазмуну дегенди окудук эле. Алгач мазмунду өздөштүрүшүбүз керек экен. Кандай система болсо деле адам ага даяр болбосо, деңгээлибиз жетпесе ишке ашпасын түшүндүм.
— Шайлоо алдында негизинен билим берүү, сот системасы, жумушсуздукту жоюу жана банк системасындагы кызыкчылыктарды жоюу өңдүү багыттарга басым жасагансыздар. Кайсынысында алгылыктуу иштерди жасап жетише алдыңыздар?
— Социалдык, билим-илим жана маданият багытында мигранттардын маселеси каралууда. Аларды миллиарддаган акчаны жөнөтүп жатат деп сүйүнөбүз, бирок балдары эмне болду? Чет мамлекетте мектепке барып, жергиликтүүлөр менен ассимиляция болуп сиңишип кала берет. Биз элди дүңүнөн жоготуп жатабыз. Ошондуктан онлайн мектептерди ачууну демилгеледик. Азыр үйүндө кайсы бир маселеден улам мектепке кире албай жаткандар да толтура. Анын үстүнө ушул жол менен маданиятты, тилди сактап калабыз.
Өзүбүздүн "Белес" аттуу автобусубуз чыкты. Аны мэр ат арабага салыштырып, "андан көрө Кытайдан алабыз" дегенде намыстанып жеке ишкерлерди колдой баштадык. Электрондук коштомо кагазды киргизишти. Муну көчөдөгү алма саткан апа каяктан билет. Мурда 16 миң сомго патент алган адам азыр 200 миң сомдон төлөп жатат. Муну менен түз эле коррупцияга, монополисттерге жана аткезчиликке жол ачылып, шарт түзүлөт. Азыр айыл өкмөттөрүбүздүн 70 пайыздан ашыгы дотацияда. Алар мамлекеттин жардамынан айрылып калбоо үчүн дотациядан чыкпай отура беришет. Дотациядан чыккандарга стимул катары жылына 5-10 миллион сомдон бөлүп туралы деп жатабыз. Жергиликтүү бийлик менен администрациянын милдеттерин так бөлүштүрүү керек. Себеби бири-бирин жумшап, шылтаган багыттарда иштеп калышты. Бул боюнча төрт мыйзам долбоорун сунуштадык. Жөнөкөй эле айылдык клубдун башчысын министрлик дайындайт да айлыгын айыл өкмөтү берет. Ушундай майда маселелер бар.
Андан тышкары, миграцияга көңүл буруп жатабыз. Мамдумага өз каражатыбыз менен бардык, эми Түркияга барганы турам. Парламент аралык алаканы кеңейтүү керек. Анан да экология маселеси бар. Ар бир адам бирден көчөт эксе, жылына жети миллион бак тигилет экен. Бизде азыр какырап эле баратат. Бак азайса мөңгүлөр да азаят. Бакты тигүү эле эмес көрктөндүрүү маселеси да талап катары коюлат. Экинчиден, бизде ирригация системасы абдан начар экен. Өкмөткө "насыя алуудан мурда ушундай ири долбоорлор менен келгиле" десек бул жагынан да аксап жатышат.
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча да бир катар иштерди жасап жатабыз. Аялын уруу эле эмес, ата-энеси каалабаса да карылар үйүнө алып барып койсо, бул да үй-бүлөлүк зомбулук болуп эсептелинет. Жаш балдарды зордуктоо, зомбулук көрсөтүү өлүм менен аяктаса өлүм жазасын киргизүүнү сунуштадык.
"Ынтымак" фракциясынын лидери: жайнаган мыйзамдын ордуна 30 кодекс сунуштадык
— Кен казуудан ар бир кыргызстандык пайда көрүп, жаш балдардын эсебине да акча которулуп турушу керек деген механизмдерди бердиңиздер эле?
— Ал мен партияга келгиче эле түзүлгөн программа экен. Чынында бул популисттик сөз. Ошондой болсо да бул багытта иштеп жатабыз. Буга чейин 300 сомго лицензия алып, экологияны бузуп, чөнтөктөрүнө алтынды салып алып, кагазда башка отчётту көргөзүп, айтор, ири башаламандыктар болчу. Азыр, кудайга шүгүр, кендин 70 пайызы казган тараптыкы болсо да, 30 пайызы Кыргызстанда калсын деген мыйзам кабыл алдык. Эми 10 тоннага чейинки алтындын кени болсо, мейли башкалар менен чогуу иштешели, бирок 10 тоннадан көп болсо 100 пайыз өзүбүздө калат деген мыйзам долбоорун фракция даярдап жатат.
— Насыя берүүдө жана бизнести колдоодо пайдасын эле эмес тобокелдикке да жоопкерчилик алууну сунуштадыңар эле...
— Улуттук банктын статусу тууралуу суроо берсем өздөрү да жооп бере албайт. Менчиктештирүүгө мамлекеттик жана жеке менчик банктар катыша албасын айтып жатат. "Улуттук банк мамлекеттик эмеспи? Эмнеге катышып жатат?" десем өзгөчө статусу бар экенин айтышат. Чынында муну мамлекеттен да жогору структура кылып алышыптыр. Мындай мыйзамдар жөн өтпөйт, анткени бардыгынын артында кишиси бар. Мен бардык жактан адис боло албайм. Фракцияда болгону беш депутатпыз.
Элден ар кандай арыз-муң түшүп жатат. Банк акчаны берип коюп төлөй албай калса экен деп тилейт. Анткени азыркы учурда банктардын карыз берүүдө жоопкерчилиги жок. Эгер банк да насыя алуучунун бизнес долбооруна өнөктөш катары эсептеле турган болсо, долбоор банкротко учураган кезде банктын да жоопкерчилиги каралса антип оңду-солду насыя бербейт эле. Ошондуктан тойго кетерин билип турса да, акча берип кайра элдин канын ичип жатат.
— Сот системасына да сунуштарыңарды киргиздиңер эле. Бул жакка сиздердин чакан фракциянын тиши өтүп жатабы?
— Өзүңүз көргөндөй өткөндө жыйынга Жогорку Соттун төрагасынын орун басары келди. Биз жазган мыйзамды соттун ишине кийлигишүүгө такап жатып өтпөй калды. Соттор боюнча көп кайрылуулар келет. Көз карандысыз кылабыз деп жатып, аларды кудайга теңеп коюптурбуз. Бишкек шаардык сотуна, мисалы, алыскы аймактардан келип тургундар катышып жатат. Бир эле адам келбей калса сот кийинкиге жылдырылып калат. Бул үчүн алыстан келгендерге эч ким компенсация да төлөп бербейт. Анан биринин жыйынтыгын бири жокко чыгарып отуруп сот жылдап созулуп жүрө берет. Анда туура эмес чечим чыгарган соттун жоопкерчилиги да каралышы керек.
— Жарандык иштерди онлайн кароону киргизүүгө болобу?
— 1000 сом карызы болсо да чет мамлекетке уча албаган учурлар кездешип жатат. Мында адамдын алган билети, убактысы, планы, иши күйүп кетип жатат. Ошол себептен да бизде ар багытта 24 саат бою тейлей турган системаларды киргизүү керек. Анын ичинде сот түзүмү да бар. Сот бул консервативдүү тармак деп отура бергенде да болбойт.
— Калкыбыздын саны азайып кетпесин деп экинчи мамлекет менен келишим түзбөй эле кош жарандуулукка уруксат берип койгонбуз. Эми КР жарандыгы барлар паспортун узартууга келсе, Мамлекеттик каттоо кызматы тиги жактагы каттоосунан чыгып келүүнү талап кылат экен. Ал өлкө менен бизде келишим жок болгондуктан чыга алышпайт. Демек, өзүбүз уруксат берип коюп, кайра паспорт алууда же мөөнөтүн узартканда каттоодон чыгып кел да, кайра барып каттоого тура аласыңбы-албайсыңбы өзүңдүн ишиң деп коюп жатабыз. Мыйзамдагы бул боштукту кантип толтурууга болот?
— Бул абдан актуалдуу маселе. Коррупциянын эле бир түрү окшойт. Башкача айтканда, бюрократия. Азыркы мыйзамдар менен деле жол тапса болот. Болгону акча үмүт этүү эле болуп жатат. Мыйзамда эгер Кыргызстандын жарандыгын биринчи ирет алып жатса каттоодон чыгып келүү каралган. Бирок кечээки эле кыргызстандык, биздеги жарандыгынан баш тартпай туруп, башка өлкөнүн жарандыгын алууга өзүбүз уруксат берип коюп, анан паспортунун мөөнөтүн узартууда мындай тоскоолдуктарды жаратуу болбогон иш. Бул мыйзам долбооруна толуктоолорду киргизүү керек. Канчалаган мамлекеттер жарандарын көбөйтө албай жүрсө, биздикилер кенебестик менен алардан айрылып жатат. Ушундай тоскоолдуктар кош жарандыгы барларды Кыргызстандын жарандыгынан баш тартып коюуга кептейт. Өкмөт деталдуу токтом кабыл алышы керек.
Биз эл кеткен эмес, келген өлкө бололу. Бул маселени колго алам. Мигранттардын акчасы жакшы да, өзүнө келгенде мыйзамчыл болуп кетебиз.
Нуржигит Кадырбеков: философиядан форманын мазмуну дегенди окудук эле. Алгач мазмунду өздөштүрүшүбүз керек экен. Кандай система болсо деле адам ага даяр болбосо, деңгээлибиз жетпесе ишке ашпасын түшүндүм
— Жумушсуздук боюнча кандай мыйзам долбоорун алып чыгып жатасыздар?
— Ишкерлерди колдогон себебим, мамлекет азыркыдай система менен жумуш орундарын түзө албайт. Көп кыз-келиндер, жигиттер тигүү цехтеринде иштейт. Жеңил өнөр жайы эл аралык деңгээлге чыкты дегенибиз менен кездемени кайта эле миллиарддаган сомдорду жумшап Кытайдан, Түркиядан алып жатабыз. Убагында түштүктөгү пахта заводу күнүнө 300 чакырым кездеме чыгарчу экен. Мисалы, Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонддорунун каражаты кайсы долбоорлорго колдонулуп жатканын билбей жатам. Мына президент "Белес" автобусунан онду алгыла десе, мэр өз өндүрүшүбүзгө сын тагып Кытайдан эле алабыз деп чыкты. Парламенттен айтылгандан кийин ар кандай шылтоо менен эптеп беш автобус алмай болду. Далилим жок, бирок булар акчаны сыртка чыгаргандан пайда көрөт окшойт деп ойлоп койдум. "Белести" жасаган балдар атайын сынактан өткөрүп сертификат да алып келишиптир. Алардын эмгегин сыйлабасак, анан жаштар сыртка кетишет да. Ансыз деле мыктылардан кол жууп жатабыз. Манаста деле эмне үчүн Бакай ата төө кайтарып калды? Анткени Абыке, Көбөшкө анын акылы менен интеллекти керек эмес болду да.
Ошондой эле мамлекеттик кызматта чет мамлекетке тажрыйба алмашууга кадрларды жибергенде да тааныштарды же тиешеси жок эле адамдарды "эл-жер көрсүн" деп жиберип коёт. "XXI кылымдын кадрлары" деген программанын да тилеги ак болгону менен жалаң күркүлдөрдүн балдары кеткен.
— Сиздердин фракция жыл ичинде канча мыйзам сунуштап, канчасы өттү?
— Чынында көп мыйзам долбоорлор өкмөттөн келет экен. Айыл өкмөттөр боюнча төрт мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Эң башкысы — стратегиялык пландоо. Бул боюнча учурда бизде мыйзам да, сурап алуу да жок. Экология багытында Аба кодексин кабыл алуу керек. Азыр көп тилдүү илим-билим берүү жагын да киргизүү керек окшойт. Көп тилдүүлүктү мыйзамдаштырып коёлу деп жатабыз.
— VI чакырылыштын алты жылына салыштырганда силер бир жылда эле журналисттер жок бир топ жыйындарды өткөрдүңүздөр. Бул сөз эркиндигине кедергисин тийгизди. Бийликтин башка бутактарын албай эле коёлу, парламентте сөз эркиндиги барбы?
— Канчалык бекинсең, ошончолук кызыккандар, имиш-имиштер көбөйөт. Айрым өлкөлөрдүн парламентине баргам. Жөн эле ичинде саякаттап жүрүп жыйынына катышып чыксаң болот. Бизде эле "болбойт" деп турат. Албетте, курал-жарак, армия багытында, коопсуздук боюнча болсо, анда макул. Бирок жөнөкөй эле маселелерди кээде жабык эшик артында карап жатабыз. Журналисттерге рахмат, баарын чагылдырып берип жатат. Коңшуларда андай эмес. Көбүнесе жабык. Бизде да Аскар Акаевдин мезгилине караганда сөз эркиндиги төмөндөдү.
— Мамлекеттик кызматкердин этикасы жазылган эрежеге саясий кызматкерлер кирбей калыптыр. Жогорку Кеңеште этика боюнча нускама китеп чыгарылып депутаттарга таратылат. Бирок эл өкүлдөрүнө, саясий кызматкерлерге тийиштүү этикалык нормалар жок. Ошол эле учурда катардагы административдик кызматкерлердин этикасы каралган. Мунун өзү парадокс. Этикасы жазылбаган саясий кызматкер кол алдындагылардан этика талап кылууга укугу бар болуп калууда. Ушул жагынан мыйзам долбоору керекпи?
— Жараткандан сөздөн, иштен адаштырбашын дайым сурайм. Протокол Манас атадан бери бар. Өкмөттүн адамы болуп туруп, анын ишин сындай албайсың. Жабык эшик артында сындай бересиң, ал эми эл алдына өкмөт мүчөлөрү бирдей пикирде, бир сөз менен чыгуу керек. Парламент — бул ар түрдүү пикирлер айтылган жер. Ушул жеринен айырма болбосо экөө окшош. Кээде трибунадан сөгүнүп, жакшы эмес сөздөр чыгып кетип жатат, сизден сенге өтүп алдык. Мунун баары туура эмес. Саясий кызматкердин этикасын иштеп чыгууга өзүм кошулат элем. Анткени керек. Мен да күндөн-күнгө өсүп, эл аралык протоколдорду да билүүгө кызыкдармын. Кызмат боюнча четке чыкканда эле арак-шарап ичип, дүкөн аралаган да жакшы эмес. Бул да кызматтык этиканын жоктугунан кабар берет.
Кочкор-Атадагы газдын кору түштүк аймакты 100 жыл бою камсыздоого жетет. Маек