Түркияда зилзаладан каза болгондордун саны 8574кө, Сирияда 2662 кишиге жетти

Түркияда зилзаланын кесепетинен 6 444 имарат урап түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөдө курман болгондордун саны 8,5 миңге жетип, он миңдеген адам жабыркаган. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.

"Акыркы маалыматтар боюнча, 8 574 адам каза таап, 49 133ү жаракат алды", — деди президент.

Анын айтымында, зилзаланын кесепетинен 6 444 имарат урап түшкөн.
Ал эми Сирия боюнча дүйнөлүк ЖМКлардын маалыматына караганда, каза тапкандардын саны 2 662ге жетип, он миңдеген адам жаракат алган.
Эске салсак, Түркияда 6-февралда миллиондон ашык адам жашаган Газиантепке жакын жерде күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө болду. Ошондой эле Сирияда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө ондогон жер титирөө катталган. Акыркы маалымат боюнча, Түркияда каза болгондордун саны 7000ден, Сирияда 1000ден ашты. Ал эми жабыркагандар он миңдеп саналат.
Белгилей кетсек, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Мындан тышкары, катуу жабыркаган Түркиянын аймактарында кыргызстандык куткаруучулар иштеп жатат.
Кыргызстан Түркияга дарыгерлердин тобун жиберүүгө даяр