Пресс-борбор

"Тазалыкчыларды" койдуруп кеткендер менен кандай күрөш болору айтылды

Өткөн жылдары көчөдө иштеп жаткан жумушчуларды койдуруп кеткен үч окуя болуп, экөөсүндө адам өмүрү кыйылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Автоунаа менен койдуруп кеткендерден сактоо боюнча иштерде "Тазалыктын" дээрлик бардык кызматкерлери камсыздандырылган, мындан сырткары, аларга ачык түстөгү күрмөлөрдү берүүнү пландап жатабыз. Бул тууралуу муниципалдык "Тазалык" ишканасынын директору Рамиз Алиев билдирди.
Жетекчи Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Ага автоунаа койдуруп кеткен "тазалыкчылар" тууралуу суроо беришти.
"Бул өтө чоң көйгөй. Былтыр мындай үч кырсык болгон. Тилекке каршы, эки окуя адам өлүмү менен аяктады. Биз өңү бир топ ачык жумушчу күрмөлөргө өтүүгө ниеттенип жатабыз. Бул идеяны Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктын кызматкерлеринен, алардын формасынан алдык", — деди Алиев.
Ал, мындан сырткары, жумушчулардын 98,3 пайызы өз ыктыяры менен камсыздандыруудан өткөнүн кошумчалады.
Бир айга жетпей 3-каргаша. "Тазалыктын" кызматкерин унаа коюп кетип көз жумду