Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы оорулардан көз жумат? Статистика

Республикада өлүмгө кептеген дарттардын сап башында кан айлануу системасынын оорулары турары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон оорулардын 2022-жылга карата статистикасын жарыялады. Рейтингдин сап башында кан айлануу системасына байланыштуу илдеттер турат.
Өткөн жылы кыргызстандыктардын өлүмүнө себепкер болгон дарттар:
51, 1% кан айлануу системасындагы оорулар;
10, 3% шишиктер;
7, 1% тышкы себептер;
5, 4% тамак сиңирүү органдарынын оорулары;
4, 4% дем алуу органдарынын оорулары;
21, 7% башка себептер.
Министрлик ошондой эле 2022-жылы республикада адам өлүмүнүн көрсөткүчү жалпысынан 1,4 пайызга азайганын билдирди. Көз жарган аялдардын өлүмү 23,4 пайызга, ал эми балдар арасындагы өлүмдүн көрсөткүчү 7,1 пайызга төмөндөгөн.
Россия Бишкекке жугуштуу ооруларды изилдеген борбор курат