Кыргызстан Түркияга дарыгерлердин тобун жиберүүгө даяр

Кыргызстан Түркиянын зилзаладан жабыркаган аймактарына дагыгерлер тобун жиберүүгө даяр.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев . — Sputnik. Кыргызстан Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык, дары-дармек жана медициналык буюмдар жактан жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушу учурунда айтканын министрлик кабарлады.
"Түркиядагы көп сандаган адам курмандыктарына алып келген ири табигый кырсык ар бирибиздин жүрөгүбүздү тилип өттү. Кыргызстандын медицина кызматкерлери жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгон жарандар үчүн боордош түрк эли менен бирге чын жүрөктөн аза күтүшөт. Медициналык жардам керек болсо кыргыз тараптан дарыгерлер тобу түзүлүп, аларды Түркиянын жабыркаган аймактарына жөнөтүүгө даярбыз", — деди Баатырова.
Эске салсак, Түркияда 6-февралда миллиондон ашык адам жашаган Газиантепке жакын жерде күчү 7,8 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө болду. Ошондой эле Сирияда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө ондогон жер титирөө катталган. Акыркы маалымат боюнча, Түркияда каза болгондордун саны 7000ден, Сирияда 1000ден ашты. Ал эми жабыркагандар он миңдеп саналат.
Белгилей кетсек, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанда бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Мындан тышкары, катуу жабыркаган Түркиянын аймактарында кыргызстандык куткаруучулар иштеп жатат.
Зилзаладан көз жумгандардын саны Түркияда 5 894, Сирияда 1 250 кишиге жетти