Сирияда уранды алдында төрөлгөн ымыркайды сактап калышты. Видео

Жарыкка келери менен энесиз калган наристе ооруканага жеткирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Сирияда куткаруучулар урандынын алдынан жаңы төрөлгөн эркек баланы алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү El Balad порталы жазды.
Бөбөктү Жендерес аймагында жердин силкинүүсүнөн ураган имараттын алдында калган келин жарыкка алып келген. Аял көз жумган, ал эми ооруканага жеткирилген ымыркайды аман алып калууга мүмкүн болду.
Социалдык тармакка куткаруучунун жаңы эле уранды алдынан алып чыккан наристени көтөрүп келе жаткан видеосу тарап, аны РИА Новости жарыялады. https://ria.ru/
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү таңда жана түшкө жуук Түркияда магнитудасы 7,7 жана 7,6га жеткен жер титирөө катталган. Өлкө президенти Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки чоң апаат. Жердин силкингени коңшу Сириянын бир катар провинцияларында да сезилип, анын кесепетинен 711 киши каза болду, дагы 1 431 адамдын жабыркаганы айтылууда. Жер титирегенин Ливандын жашоочулары да байкаган.
Түркиядагы зилзала 2 921 кишинин өмүрүн алды. Өлкө 7 күн аза күтөт