БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШнын Москвадагы элчилигине Россиянын иштерине кийлигишүүнү токтотуу талабын койгон нота жиберилди. Бул тууралуу РИА Новости Россия ТИМиндеги маалымат булагына таянып кабарлады.
"7-февралда АКШнын Москвадагы элчилигине дипөкүлчүлүктүн макамына туура келбеген кадамдарды жасоону токтотууну талап кылган расмий нота жиберилди. Анда Россия Федерациясынын ички иштерине кийлигишпөө айтылган", — деп кабарлаган маалымат берген киши.
ТИМ бир канча эскертүүлөргө карабай (9-декабрда берилген нота) америкалык дипломатиялык өкүлчүлүк “Маалымат айдыңында кара өзгөйлүк активдүүлүгүн улантууда. Тагыраагы, учурда өздөрү жайгашкан өлкөнүн жетекчилиги тууралуу такыр ылайык келбеген нерселерди айтып, андан сырткары кылмыш жообуна тартыла турган жосунду жасап — РФтин Куралдуу күчтөрү боюнча фейк кабарларды таратууда.
Дипломаттарга коомдо араздашууну тутандырган, мамлекеттүүлүккө каршы чыгууларга шыкактаган, “таасир агенттерин” топтоо иштеринен алыс болуу эскертилген.
Агенттиктин маектеши “мындай иштерге тиешеси бар кызматкерлер ээлеген кызматына карабай чыгарыла тургандыгын" белгилеген.
АКШнын жаңы элчиси Линн Трейси 30-январда ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшыруу үчүн кабыл алынганда Россия мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоо зарыл экени айтылган. РФтин талаптарына, Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна каршы келген иштерди токтотуулары талап кылынган", — деген маалымат булагы.