"Кумтөрдөгү” уулуу калдыктардан 3,5 млрд. долларлык алтын алуу пландалууда

Алмаз Барыктабасов 2022-жылы “Кумтөрдө” 17,3 тонна алтын өндүрүлгөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кумтөрдөгү уулуу калдыктарды сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алына турган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд. доллар деп бааланып жатат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов маалымдады.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, жумушчу кеңешме өткөргөнүн, анда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 2022-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчёту жана жакынкы келечекке пландары каралганын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов отчёт берип, 2022-жылдын 12 айында “Кумтөрдө” 17,3 тонна алтын өндүрүлгөнүн айткан.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов
Анын билдиргенине караганда, 2026-жылдан тартып уулуу калдыктарды сактоочу жайдагы калдыктарды кайра иштетүүдөн алтын алынат. Ошентип, жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алынары пландалууда.
Барыктабасов мындай иштер 2040-жылга чейин уланарын, уулуу калдыктар жаткан жайдан алынган алтындын жалпы баасы дээрлик 3,5 млрд. доллар деп бааланып жатканын айткан.
“Муну менен уулуу калдык сактоочу жайдагы калдыктарды зыянсыз кургак аралашма кылып толук кайра иштеп чыгууга, андан ары алтынды бөлүп алуудан экономикалык пайда көрүүгө мүмкүн болот”, — деген Барыктабасов.
Теңиз Бөлтүрүк Кумтөр 2025-жылы жабылып калышы мүмкүндүгүн эскертти