Пресс-борбор

ЖКККББ: былтыр жол кырсыгынан Кыргызстанда 690 адам каза болгон

Өлкө жолдорунан 861,4 миң эреже бузуу катталып, жалпы айып пул 506 миллион сомду түзгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-жылы жол кырсыгынан 690 адам каза болгон. Бул тууралуу ЖКККББ башкармалыгынын жетекчиси Манас Сыдыгалиев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, ведомствонун башкы максаты — жол кырсыктарын азайтуу.
"Статистиканы карасак, былтыр республикада 690 адам каза болгон, 2021-жылы 869 киши өмүрү менен кош айтышты. Бул — адамдардын жол кырсыгынан болгон өлүмү 20 пайызга азайды деген сөз. Иш уланууда, таптакыр жок кыла албасак да санын кыскартууну максат кылып жатабыз", — деди Сыдыгалиев.
Ал бир жыл ичинде өлкөнүн жолдорунда 861,4 миң эреже бузуу катталып, жалпы айып пул 506 миллион сомду түзгөнүн кошумчалады.
Бир түндө мас болуп унаа башкарган 24 айдоочу кармалды