Билим берүү мекемелеринде англис тилинин бир айлыгы өтүп жатат

Иш-чаранын максаты — окуучулардын англис тилине кызыгуусун арттыруу.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинен республиканын бардык билим берүү уюмдарында "Англис тилинин бир айлыгы" жарыялангандыгын кабарлашты.
Иш-чаранын максаты — окуучулардын англис тилине кызыгуусун арттыруу. Ал кечээ, 6-февралда, башталды.
Министрликтен билдиришкендей, бир айлыктын алкагында билим берүү мекемелеринде англис тилине багытталган түрдүү иш-чараларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары, англис тилинин дүйнөдөгү орду тууралуу ачык сабактар болот.
Радио
"Мектеп агайларга муктаж" демилгесинин башкы максаты айтылды