Радио

"Мектеп агайларга муктаж" демилгесинин башкы максаты айтылды

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов эркек мугалимдер жалпы кызматкерлердин 19 пайызын түзөрүн айтты.
Sputnik
Учурда республика боюнча мектептерде жалпы 23 750 агай иштеп жатат. Бул тууралуу Уланбек Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сан пайыздык көрсөткүч менен жалпы кызматкерлердин 19 пайызын түзөт.
"Мектептерге агайларды тартуу маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. "Мектеп агайларга муктаж" акциясынын башкы максаты — агайлардын мектепте орду бөлөк экендигине чакырык жасоо жана жалпы эле мугалимдердин статусун жогорулатуу. Бул демилге мугалимдердин даражасын көтөрүүгө жасалып жаткан иш-аракеттердин бири. Азыркы кезде республика боюнча мектептерде 23 750 агай эмгектенип жатат. Аталган көрсөткүч пайыз менен жалпы кызматкерлердин 19 гана пайызын түзөт. Биздин кесиптештерибиз жана жарандарыбыз айткандай, баланын тили "апа" деп чыкканы менен атанын тарбиясын алат. Ошондой эле мигранттардын балдарын да эске алып жатабыз. Анткени алардын көпчүлүгү таене, чоң энесинин колунда калып, айта албаган нерселерин агайлар менен бөлүшсө дейбиз", — деди министр.
Ал ЖОЖдордо мугалим адистигине тапшырган эркектер көбөйүп жатканын кошумчалады.